Анан кече эле биздин айылда жашаган кайнисине чыгып келгенин байкадым, апамды алдап еле...
Саламатсызбы эже меникин дагы чыгарып берип коёсузбу сураныч алдын ала рахмат.
Менин жашым 18 де апама эмнегедир жүрөгүмдө бирдеке алып калды. Сөз башынан болсун. Апам бирөөлөргө жолугат. Атам билбейт бизди багам деп күнүмдүк жумушта иштейт кечинде кеч келет. Апам 1 жылдан бери бир киши менен сүйлөшөт биздин коңшу айылда жашайт. Ага кечинде атам жокто чыгып келет чыгаарда даарат алып жуунуп чыгат мен байкап турам. Сүйлөшкөндөрүн дагы бир канча «жаным «ж.б смстерин дагы окуп калгам. Аны бизге жардам берет деп айтат кээде шоколад майда Чүйдө алып келет кээде акча керек болгондо ошондон алат эле. Бирок азыр ал менен сүйлөшпөй калды окшойт байкабай калдым. Ал мага дагы чалып калчу. Анан кече эле биздин айылда жашаган кайнисине чыгып келгенин байкадым. Ошол байке чалды анан апам азыр деди. Анан чалганын мен көрүп калдым билмексен болуп телефонун сурасам өчүрө калды. Баарыбыз тааныйбыз аны үйгө келип турат. Бираз күн мурун сүйлөшкөнүн угуп калгам «сагындым» деген укмаксан болуп койгом бирок аябай жаман болдум. Анан уйго келгенден кийин айттым мойнуна албай кайра мени жаман сөздөр менен урушуп « өлүп кал, сен намаз окусаң өлтүрөсүң го, сенден караганда мээм иштейт) деп ж.б ушул сыяктуу сөздөрдү айтты. Мен ыйладыи бирок көргөн жок апам.


Отправить комментарий