Оз кызыкчылыгын ойлогон абышкадан жаш кыз эмнени күтүп журөт деген да ойлор келбей койбойт....
Бакыт дегенди азыркы жаштар байлык менен ченеп калганы өкүндүрөт.
Бактылуу жана ийгиликтүү күйөөгө тийдим деген жаш келиндердин басымдуу бөлүгү өзүнөн он беш жыйырма жаш улуу адамдардын жашыруун аялы болуп алгандар. Эжемдин жыйырма экидеги кызы парихмахер болуп салондо иштеп жүрдү. Кардар менен бат тил табышкан, жылдыздыы кыз эле. Кээде менин үйүмө келип калчу. Бара-бара келгени азайып кымбат телефон көтөрүп, жарашыктуу кийинип калган. Жаман оюм жок жакшы айлык алып жаткан экен деп койгом. Көрсө мен окуп жүргөндө атагы алыска тараган ырчы менен мамилелеш болуп алыптыр. Экөөнүн ортосунда 35 жаш айырма бар. Ал ырчынын азыр неберелери бар. Ошол ырчынын жашыруун аялы болуп алды болгондо да төртүнчу аялы деп эсептелинет. Бир бөлмөлүү батирге киргизип койгон. Жакында балалуу да болду. Эч ким менен катышпай баласы менен жалгыз бирөөнүн үйүндө эртеңки күнү эмне болоорунан кабары жок жашап жатат. Бир жумада бир келип эки саатка жетпеген убакта өз кылыкчылыгын ойлогон абышкадан жаш кыз эмнени күтүп журөт деген да ойлор келбей койбойт. Анысын айтам деп жаман да көрүнуп бүттүм. Жаш кыздар эл оозуна алынып калган бир аз байлыгын көрсөткөн чалдардан эмнени күтөсүңөр? Алар силерге бүлө да болуп бербейт? Анын байбичеси балдары неберелери бар. А силер тоодон түшкөн таш сымал анын жашоосунда бир күндүк көз ирмем катары кала бересиңер. Эсиңер барда этегиңерди жапкыла дейт элем.


Отправить комментарий