Саламатсызбы кенеш алайын дегем.
Чыгарып берсениз сөз башынан болсун. Мен сүйлөшүп жүрүп турмушка чыктым жакшы жашадык, бир кыздуу болдум. Төрөгөндөн кийин кыркым чыкпай күйөөм каза болуп калды. Мен төркүнүмдөн барганча кайнатам сөөктү көмдүрүп салды. Күйөөмдү акыркы жолу көрө албадым. Ошентип айлар өттү кайын энем ыраазычылыгын айтып мени төркүнүмө жиберди. Баары ыраазы менден ошентип төркүндө жүргөнүмдө жуучу келип жүрдү. Башында аябай каршы чыктым. Бирок Ата-энем кыйнаганынан макул болуп жылдыгы өткөндөн кийин турмушка чыкмай болдум. Жылдыгы да өттү эртең келип алып кетебиз дегенде бир эмес эки жолу үйлөнгөнүн билдим. Андан мурда да жакшы жазчу эмес эрте менен кечинде бир эле текс жазчу "кандай" деген болду. Аны уккандан киийн баарын отказ кылдым Ата-энемда макул тийбесен деп көндү. Бирок тиги баланын женеси келип өмүр бою күйөөгө тийбей кал деп каргап жолунду байлатып салам күйөөгө тийгиз кылам деген. Ал созун аткарды дагы окутуптур аны ошол аял мас маалында айтып алды. Эми арадан эки жыл өттү эми турмушка чыгайын десем эч жолум болбой жатат. Эки күн сүйлөшөт бирок менде эч сезим жок таш болуп калдым. Кече бир көзү ачыктын баласы да келген эле сүйлөшүп көрөлү деп апасы мени карап туруп мага минтип айтты; Сенин жолун байланып турат жүрөгүнө эчким жакпайт анткени сени муздатып салыптыр сен мага ишенбейсин бирок мага көрүнүп турат деди. Эми силерден кенеш алайын ошондой болушу мүмкүнбү? Чын болсо кантип жолумду ачтырсам болот? Бишкекте турам ишенбейин десем ичимде чын болсочу деген ой кыйнап жатат. Кара дуба окуткан болсо кантип арылсам болот? Негизи ишенишим керекби же жокбу?


Ассаламуалейкум кандайсынар серьёзный отношенияга кыздар жазгыла жашым 31де тел 0501694873
ОтветитьУдалить