Балам жетим болбосун деп кечирим сурап жүрөм, күйөөм болсо талагымды берип мен башкага...
Саламатсыздарбы группадагы айымдар, мага ар бириңиздердин кеңешиңиздер өтө маанилүү,
Мейли урушуңуздар өзүмдү күнөөлөп кимге айтарымды билбей ичим эзилип кетти. Жолдошум экөөбүздүн тең экинчи турмушубуз биз баш кошуп эле Москвага чогу кеттик, барып эле мен кош бойлуу болдум ашказаным ооруп гастрит болуп жүргөм таксикозум кошумча болуп угроза менен сохраненияда жаттым бирок бираз эле жардам берди изжога рвота азайды бирок толук калбады. Кайненемдер өзүбүз карайбыз деп чакырып алды ошол моментте мен жолдошумду көргүм келбей жүргөм таксикоздон кыйналып жүрсөм ал башка кыздар менен жазышып жүргөнүн көрүп үйдө көп түшүнбөстүктөр болду, ошентип мен Кыргызстанга күйөөм мн урушуп келебердим. Кайненем жакшы аял, эки тарапта төрөгөнчө жүрөбер деп, 3 айлык кош бойлуу кезде келгем эки тарапта жүрүп убакыт өттү 7 айлык болдук, анан кайненем кайнатамдар Умрага кетти. Умрадан келгенден кийин баласы келди үйдө келди кетти үзүлбөй калды тааныштары көп экен 10-15 күн өтсө да адам үзүлбөй саат түнкүсаат түнкү 11жарымга чейин олтрушат акыры катуу ооруп калдым врачыма барсам угроза, постельный режим, үйүңө барып жат 3-4 күн деп айтты. Ошол арада жолдошумдун буту сынып гипсте жүргөн аны таштап кете албайм же кайненеме айта албайм угроза деп. Ошентип үйдө иш да көп таштап жатып алалбай жүрө бердим. Бир күн катуу ооруп даже олтура албай катуу ооруп калдым үйгө кирип 1 саат болсо да жатып турайын азыр оору басылаттыр деп кирип жатсам эле кайненем тамак жасап кой талаага алып кетебиз деп жазып калды кайнежемдердин пиязын эгип жатышкан. Ошондо ушунчалык ооруп эч нерсе жакпай турат эле күйөөмө чыгып айтайын десем ал да досторуна чыгып кетиптир. Чакырсам тамак даяр болоордо келди, ошондо билбейм мага эмне болду жаман ызаланып тургам күйөөмөн чыгарыпмын өзүм да билбей калдым нелерди айтып сүйлөндүм. Жолдошум апасына чалып неге ушуга иш айтасыңар мага сүйлөнүп жатат... дагы башка сөздөр менен мени жамандап чалды мен ошол адам үчүн бирөөнүн үйүндө оорусамда чыдап балама да бара албай жүрөмго.
Апасына айткан сөздөрүн угуп ооруп жатат деп атсаңыз болот элего деп ыйлап колумда барын жерге чаптым. Күйөөм мени уруп салганына үйүмө келебердим. Эртеси күйөөм апама чалып мен кызыңар менен жашабайм үйдөн жүктөрдү алып кеткиле деп апам менен урушту, апам да барибир жарашса керек булар жаш деп жүрө бергенине койбой дагы чала берип акыры алып келдик, эми болсо балам жетим болбосун деп кечирим сурап жүрөм, күйөөм болсо талагымды берип мен башкага үйлөнөм сендей аял керек эмес, сен мен ооруп турсам апамдын бир эле тамак жаса деген сөзү үчүн мени таштап кеттиң деп кечирбей жатат. Кеткен катын кетеберет дейт. Мен эми эмне кылсам болот билем менде күнөө тилимди тыйбадым же үйүмө кетпей турбадым.


Отправить комментарий