Москвада иштейм, аялым бир кыз, бир балам менен ата-энемдикинде турушат.
Акыркы барып келгениме 9ай болду. Башында 3 ай сайын кызымды аялымды сагынып барып турчумун. Азыр аялым деле мен жок көнүп калгандай. Асылым жааным аялым Жамилям менин, сагынам жакшы көрөм. 2 жыл кыз жигит болуп сүйлөшүп үйлөнгөм, жаркылдаган жүзүнөн күлкүсү түшпөгөн, тың, бетке айтып сүйлөгөн кыз эле. Мага тийип башында чооң сыноолордон урушуп кайра эркелешип табышып жүрдүк. Азыр болсо көп сүйлөбөйт мага айтып да тажагандай. Бөлүнүп жашасак мүмкүн баары өзгөрөт деген үмүт менен үй алууга шашып жүрөм. Анткени апамдын начар кыялын жакшы билем анысына чыдап жүргөн Жамилям мага көп нерсени айтпайт экен. Үйлөнөөрдө эч качан сени таштабайм. Жанымда алып жүрөм дем сөз берип алгам😔. Аялым сулуу, акылдуу, мен баркына жете албай жүрөм. Тарсылдаган так сүйлөгөн, жакпаса бетке айткан ачык мүнөзүн сүйүп алгам. Азыр ал мүнөзүн менин туугандарым жактырбайт. Ошого да түнт болуп кетти, мага сөз тийгизбейин деп үнүн катып жүрөт. Мага сөз тийгизбейин деп үнүн катып жүрөт. Мага андай Жамиля жакпайт бирок аны кылган өзүм. Качан талаалап иштегеним токтойт билбейм. Айтаарым жигиттерге кызыңарга үйлөнөөрдө толук шарт түзүп бергиле биринч. Жаркылдап жанынарда жыргап жашасынчы. Ата-эненердин алдында кызмат кылып тилин жутуп иш кылып, балдарын өзү тарбиялап кыйналбасын..jpg)

Отправить комментарий