алакачуу

Озум 21 жаштамын бирок чынын айтсам Уй булолук жашоодон куйоодон конулум калды....



 Саламатсыздарбы, мен откондо жазгам жолдошум баласына келбейт деп,

 Жжырашканыбызга 2 ай болду сураган жок чалган жок баласына балам жашка чыга элек. Бирок мен озум учун чечим кабыл алдым, мен жашабаймын болду. Анткени жашаган кундо дагы баягы эле адамдар баягы эле корунуш. Оз аялын Бир баласын коргой албаган эркек менен эмнеге жашайм. Калп болсо дагы коргоп койгондун ордуна кошо кошулуп тепсеп жатса мен ал адамдан баш тарттым. Ал Адам аталык парзын аткаруудан баш тартса дагы мен энелик парзымды баламдын алдында аткарамын. Жащтыгым кетсе кетсин балам бактылуу болсо экен, жакшы адам болуп чонойсо экен ыймандуу болсо экен деп тилейм. Озум 21 жаштамын бирок чынын айтсам Уй булолук жашоодон куйоодон конулум калды. Мен ыраазымын чын. Мен озумду Жана баламды тандаймын. Кудай буйруса балам учун озум учун жаркын келечек тузууго аракетимди жумшайм. Бактылуумун алты саны аман Ден соолугу жакшы балам бар. Кунуго шугур айтам Жаратканга.

Бул сыноону мен толук кабыл алдым, кыйналдым кысылдым бирок баарибир жашоо ото берет. Озумду Колго алып балам учун аракет кылып балама дагы озумо дагы жаркын келечек тузгум келет.
Бир берилген жашоодо татыктуу жашап балама татыктуу балалык тартуулап жашагым келет. Эгер баламдын атасы суйлошом катташам десе мен кайра суйунуп эле колдойм, анткени балага атанын дагы суйуусу, мээрими ото керек.
Мен ал адамга дагы 1,2 жолу айттым тушундурдум, суйлошуп турунуз бала атасынын мээримин сезиш керек, бала баардык нерсени сезет билет деп. Тырыштым аракет кылдым бирок болгон жок. Мен бактылуумун мен ыраазымын, мен жалгыз эмесмин балам бар. Мен чындыгында ыраазымын мага ушундай бала бергенине ден- соолугу жакшы, алты саны аман. Канчалаган адамдар балага жетпей за болуп, айлап жылдап дарыланышат. Баламдын атасына канча тушундурсом дагы аракет кылып, инициатива которгон жок. Баламдын атасына жамандык дагы каалабайм. Жакшы адам. Балким тагдыр, балким мандайыма жазылган нерсе ушул.
Ортодо никебиз бар, ЗАГСыбыз бар. Сиздер кандай ойлойсуздар чечимимди туура деп ойлойсуздарбы?
Отправить комментарий

Отправить комментарий

Скачать?