Саламатсызбы аноним болсун сураныч
Мен 18 жаштамын азыркы кезде студентмин. Мен төрөлгөнүмдө ата энем ажырашып кетишкен тайне тайтамдын колунда чоңойгом . 12 жашымда ВИЧ диагнозун койушкан Арт терапия күндө колдоном. Тайнем жакында каза болуп калгандан кийин квартирага чыгып өзүмдүн жашоом өзүм улантып калдым. Жашоодо ар кандай учур болот экен кееде кубансам кееде ыйлайм жалгыздыка көнүп баратам бирок баары бир колдой турган адамың болбосо кыйын экен.Ойлонуп турам окууга кирип окусамбы бирок кайсы окууга кирсем же турмушка чыксамбы турмушка чыксам бактылуу кыла алабы же мен ал адамды бактылуу кыла аламбы жокпу.
Кандай калаарым билбей атам Ушуну чыгарып бериңчи


Отправить комментарий