Мени ото бактылуу кыламын деген бирок тийгенден кийин 💯 пайызга озгоруп кетти. ...
Саламатсызбы? Сиздерге биринчи жолу кайрылып жатам.
Чыгарып берсениздер. Кээде адам оз ойлоруна ээ боло албай башкалардан обок кутуп калат экен. Мен азыркы убакта экинчи турмуштамын, биринчи куйоом менен алыстыктын айынан ажырашып кеткем. Ал урбайт, сокпойт, ичпейт чекпейт эле. Даайыма менин оюмду колдочу, бирок уйлонгон кунубуздон баштап кеч чыгып кетип тан атканда келип журуп мени коп сыздатты. Кыскасы ошондой жоруктарынан ажырашып тындык. Экинчим мени башында арбап алдады, мага чейин уч жолу уйлонуптур. Мени ото бактылуу кыламын деген бирок тийгенден кийин 💯 пайызга озгоруп кетти. Мени алдап мурунку аялына кетип калып атты. Экоонун кошо эркелеше тушкон суротторун коруп, ар туну боздоп сыздап ыйлап журдум. Же кетип да кала албайт элем анткени уйдогулорум ото каршы болгондо да болбой качып журуп тийип алгам. Биринчим талагымды бербей туруп, таарынып кеткениме 3 ай болгондо эле экинчи эрим менен таанышып калып келе бергем. Ошентип кол да которду коп жолу, оозго алгыс создор менен согунуп, кем синтет эле. Ичет чегет да эле. Убакыт отуп бир кыздуу болдук, аз нерсеге жинденип кетет, уруп согуп алып кечирим сурап эркелетип койсо эле жазылып кетем. Бирок бул нерсе туболуко болчуудай. Эмне кылсам кетип калсамбы ажырашып, же чыдасам бул адаттары калып калабы?Кетип калсам элдер эмне дейт. Кантсем туура болот?


Отправить комментарий