Мен курбуга ишенбей калдым.
Курбу деп бирок сенин бактынды талкалап кюшу толук мүмкун экен. Мектептен берки курбум бар эле. Бойдок кезде жигит жандуу эле. Күнджө түрдүү жигиттерди табар эле. Кийин турмушка чыкты. Бирок көп өтпөй ажырашып кетти. Ал күйөө сөрөйу башка менен жүруп кетти деп айткан. Мен ишендим, кантип ишенбейм он беш жылдан бери бирге жүрсөк. Үйгө көп келип калчу. Кызым менен мен сыртка чыга албай кээде күйөөмө курбумду ала келчи деп калчумун ал ала келип бир топко чейин тамашалашып калчубуз. Кийин курбумдун кыялы бузулду. Мени менен болбогон нерсени талашып кээде таарыныша кетебиз. Эртеси кайра чалып сүйлөшөм. Ошентип жүргөн күндөрдүн биринде курбум мага күйөөм экөө жарым жылаңач машинанын ичинде түшкөн сүрөтүн салып “Балам бар кетпейт дейсиң мына күйөөң менде”-деп жазып ийиптир. Күйөөм келгенде катуу уруш чыгып мен төркүнүмө кетип калдым. Эки ай дегенде кайненем алып келди. Бирок күйөөмө болгон сезимим муздап калды. Курбум менен таптакыр сүйлөшпөйм.


Отправить комментарий