алакачуу
Үйүнө кирип келип эле ал мени дубалга бир аз жөлөп алып каршылык көрсөтүүгө эч кандай күч болгон жок...
1
Комментарии
Саламатсыңарбы, мен дагы өзүмдүн башыман өтүп аткандар жөнүндө бөлүшкүм келди.
Мектептен эле мен абдан туура жүргөн кыз болчумун.Ата -энемдин кубанычы үчүн жалаң 5 деген баага окуган жана жагымсыз окуяларга аралашпоо үчүн дайыма акыл менен иш кылган көчөгө көп чыкпаган кыз элем.
Эркек бала менен сүйлөшүү мен үчүн тыюу салынган тема болчу, себеби ата-энем да аябай строгий адамдар эле. Негизи өзүм деле эч кимди жактырып, кыз жигит катары сүйлөшкөн жокмун.Достук мамиледе гана болуп жүрдүм кээ бир балдар менен. Жакыныраак мамилени каалап сөз айткан балдарды кагып, экинчи сүйлөшпөй койчумун.
Анан келечектеги күйөөм менен таанышып калдым. Айбек абдан түшүнүктүү, келбетүү болчу жана анын жанында жүрүү мага жакчу. Ал мени биринчи жолугушууга чакырганда,
бүтүрүү кечесине бир айга жетпеген убакыт калган. Айбек бир топ улуу болчу, мени адам катары кызыктыруу үчүн бардык жактан аракет кылды. Албетте, анын мага көңүл буруп белектерин ,берип окуудан үйгө узатып жүргөнү абдан жакты. Мына көрүнүктүү күйөө бала деп ушуну айтса болот: жакшы тарбияланган, мен үчүн кызыктуу, машинасы, өзүнүн швейный цехи жана батири бар болчу. Ошондуктан туура ой жүгүртүп, баш кошуп алалы дегенине макул болдум..
Азыркыга чейин мен аны менен абдан бактылуу болгом деп ойлойм.
Укмуш кооз ак көйнөк, лимузинге түшүп сонун той өткөрдүк. Ал менин биринчи жана
жалгыз эркегим болду. Эми мен азыр башка көз менен карасам.
Анын эркелетүүлөрү мага жакчу деп айтуу таптакыр туура эмес.
Бирок, ал мен үчүн аракет кылбады деп да айта албайм.
Жалпысынан алганда, ал биздин эки баланын идеалдуу атасы жана мыкты күйөө болду. Жана ал мени билим алып, үй -бүлөлүк бизнеске (швейный цех иштетчү)аралаштырган көрөгөч жолдош эле. Ал баары бир менден мурун өлөрүн бир эмес, бир нече жолу айткан.
Ошентип, жылдар жылга айланып 10 жыл токчулукта барчылыкта жашадык.
Айбек ооруп калган күнү баары өзгөрдү.
Тагыраагы, ал өзүн чындап жаман сезгенде.
Анын жүрөгү бир нече ай мурда эле бир аздан ооруп жүргөн. Бирок, абдан чоң иш пландаштырылгандыктан, ал таптакыр дарыгерлерге кайрылгысы келген жок.
Келишимибиз өттү, биз өнөктөштөр менен бул окуяны белгилөө үчүн кафеге бардык. Бир аз спирт ичимдиктерин ичкенден кийин, күйөөм кызарып, тумчуга баштады, бирок кетүүдөн баш тартты. Анан бир сааттан кийин тез жардам чакырууга туура келди. Бирок кеч болуп калган экен...
Доктурлар аны куткара алышкан жок, жүрөгү токтоп калды.
Дүйнөдөгү бардык акча бир заматта эч нерсеге жарабай калды.
Мага бул жаман түш сыяктуу көрүндү.Күйөөмдү жерге берип эле бозоруп отуруп калдым. Андан кийин үмүтсүздүк жана катуу депрессия келди. Бирок балдарым мени куткарып калышты.
Кызым ушунчалык аянычтуу болуп дагы бир жолу жетим кылбоону сурана баштады, мен өзүмдү мажбурлап колго алдым.
Балким, убакыт дарылайт, бирок менин депрессиялык абалым абдан узак убакытка,
дээрлик беш жылга созулду. Мен жашоомо эч кимди киргизе албадым, эркектерден оолак болдум жана комплименттерге көңүл бурбадым.
Чынында, аял катары өзүмдү таштап, көбүнчө ишкер аял жана эне болуп калдым. Анан - жан дүйнөмдөгү боштукту толтуруш үчүн чыгармачылыкка кириштим. Мен мончок менен сүрөттөрдү саймалай баштадым. Ушул хоббимдин аркасы менен ар кандай ноу-хауларды ойлоп тапкан кызыктуу кыз менен тааныштым.
Бир жолу аны Агасы жолугушуулардын бирине жеткирип келди.
Мен Аскарды көрөөр замат, буттарым чалышып кетти.
Кара көздүү эки метрлик спортсмен карындашынын хоббисине чын жүрөктөн
киришип, ага көбүрөөк атадай мамиле кылып мээримдүү көздөрү менен карап турат.
Көрсө, алардын атасы үй -бүлөдөн эчак эле ажырашып кеткен экен.
Албетте, мен аны жакшы көрүп калганымды билгизген жокмун.
Анан менден сегиз жаш кичүү экенин жакшылап билгенде, аябай капа болдум. Бирок, кийинчерээк белгилүү болгондой, мен да ага бир көргөндө эле жагып калыптырмын.
Дагы бир ошондой кеченин биринде анын карындашы менен кантип мас болуп калганыбыз эсимде жок, ал бизди үйгө жеткирүүгө келгенин жана анын кучагында кантип жатып калганымды билбейм.
Биз кетип баратып жөн эле кофеге токтоп калдык, карындашы күтүлбөгөн жерден башка досторуна жолугуп калып, биз менен коштошуп кетти. Бирок Аскар жанымда калып калды негедир. Анан ал мени бир аз эс алып уктап алыш үчүн өзүнүн үйүнө алып барды. Үйүнө кирип келип эле ал мени дубалга бир аз жөлөп алып аймалап оозуман өөп кирди. Каршылык көрсөтүүгө эч кандай күч болгон жок.
Дагы бир аздан кийин, мен залдын үстөлүндө болуп калдым.
Денем алоолонуп өрттөнүп атты. Анан абдан кумарга баттык...
Анан мен күйөөм менен мындай нерсени эч качан сезбегенимди түшүндүм.
Эртеси эртең менен уялып, эмне кыларымды билбей калдым.
Баарын унуткум келди, бирок ал үчүн мен бир түн үчүн аял эмес экенимди айтты.
Ал мени менен мамиле курууга аракет кылып атат.
Биздин жолугушуулар бир жылга жакын убакыттан бери уланып келатат, ал чогу жашайлы, балдарың менен тааныштыр деп суранып жатат.
Ал альфонс деп шектенгендей кедей эмес.
Мен аны багып аткан жерим жок, өзү иштейт, 1 бөлмөлүү батири бар, бирок анын батири мен жана балдарым үчүн кичинекей.
Мен аны күйөөм куруп койгон үйгө кантип алып барарымды элестете албайм. Бирок, мен андан да айрылгым келбейт. Мен ал көздөрдү көрүп, анын күчтүү колдорун сезип ага эркелеп тургум келет. Анын жанында гана өзүмдү назик аял катары сезем.
Күйөөмдүн арбагын сыйлап жана ошол эле учурда жакын ад@мыман айрылып калбаш үчүн эмне кылуум керектигин билбей аткан учурум...


Нике окутуп жашап ал Эгер ал туруктуу болсо
ОтветитьУдалить