Мен сиздерден кенеш сураарымды да башка кылаарымды да билбей отурам.
Мумкун болсо урушпай, жакшы ой пикириниздерди айтып кетессиздер деген умуттомун.Турмушка чыкканыма 16 жыл болду.Куйоом озумдон он жаш улуу.Сыйлаш эмне?Жылуу соз эмне?Эч нерсеге тушунбойт.Озум жетим оскон кызмын.Апам жалгыз чонойткон(атам бизди таштап кеткен башка аялга).Кыскасы проблеманын баары куйоом.Тили уу.Кылган ишимден причина издеп турат.Мурда аябай коркчумун.Азыр мен да сыйлабай калдым.Бакырам местосуна койуп койом.Бирок башка аялдарды оло сыйлайт.Ширин создорун суйлойт.Мага обидно болот.Кээде буулуп кетем.Жанына барып суйлошоюн десем менден качат.Озумо карап,турмушта тын,колумдан баары келет.Мен ойлогонум,куйоомдун башкасы бар,ошого конулсуз болуп жатабы деп.Мен беш балам мн куйоомо боштондук берсем,окунбоймбу.?Балдарды шылтоо кылып жанымда алып калып,аны да озумду да кыйнап койбоймунбу?Озумдун да конулум аябай калды.Эч Жака чыгарбайт.Айтсам башыман аябай кыйын кундор отту. Аноним


Отправить комментарий