Атам да бирөөнүн айдай кызын ыйлатты, атамдын да кызын ыйлаткан адам бар экен.
Салам айымдар,
Мен бул группага кенеш алуу үчүн эмес кээ бир эркектер окуп ойлоноор деп жазып жатам. Мен турмушка чыкканыма көп эле убакыт болду бактылуу энемин, ушул убакка чейини сүйүктүү жармын деп ойлоп жүргөм. Бакыттын туу чокусунда идеал болбосо да соонун үй бүлөөм бар деп шүгүр келтирчүмүн. Кудайга шүгүр ата-энем бир туугандарым бар, бирок атам жашы 50 дөн өтсө да башка аялдар менен жүргөнүн койбоду, анысы эле болбосо соонун камкор жолдош, ата. Канча айттык, ыйлап да айтып көрдүк болбоду. Акырында баарын тим эле коюну чечтик. Эми болсо мен ишенген айга күнгө тенебеген кареги менен тең айланган жолдошум башка кыздар менен көптөн бери сүйлөшүп жүргөнүн билдим. Ыйлап ыйлап атамдын кылганы көз алдыма келип олтуруп калдым. Атам да бирөөнүн айдай кызын ыйлатты, атамдын да кызын ыйлаткан адам бар экен. Мага кенеш кереги жок. ЭРКЕКТЕР ОЙЛОНГУЛА эртен кызын ыйлап келгенде кеч болот


Отправить комментарий