алданып
Биз экөөбүз башка бөлмөгө кирип кеттик. Байкем билгенжок, анан биз аларды андып...
0
Комментарии
Бир күнү ата-энем дем алыш күндөрү дачага кетип калышты.
Байкем экөөбүз үйдө калдык. Ал мындай мүмкүнчүлүктү кое бербей ата-энем жокто дароо үч досун чакыра салды. Үчөөнүн тең аялы бар. Алар закускасы менен ар түрдүү ичимдик алып келишти, шаңдуу маектешип, мурдагы кыздарын кеп кылышты, кимиси канча кыз менен болгонун мактанып жатышты. Кокустан гана сүйлөшкөндөрүн кулагым чалып калганы болбосо аларга маани деле берген жокмун, анткени жигитим келип калган. Биз экөөбүз башка бөлмөгө кирип кеттик.
Байкемдин достору бир топко кызып калышты, ошондуктан алардын ою эми башка жакка кете баштады. Кечени кызыктуураак кылууну чечишкен окшойт. Сойкулардын кызматына телефон чалышты. Жыйырма мүнөттөн кийин эшиктин алдына унаа келип токтоп, бир топ кыздарды түшүрдү, балдар алардын ичинен жактырганын тандап алышып, үйгө алып киришти. Кыздарды карасам баары супсулуу, моделдер, бири экинчисинен өтөт, кийингендери, турган турпаты жарашыктуу.Балдар көңүл ачуу үчүн кыздарды өзүнчө алып кетишти. А алардын бир досу куу бала экен. Тандап алган кызына "айды алып берем, күндү алып берем, сендей сулуу кызды эч көргөн эмесмин, дүйнөдө жок кыз турбайсыңбы" деген сыяктуу сөздөрдү куюлуштуруп айтып, ашканага алып келип чай даярдап, көңүлүн алып, телефон номурун да алып калды. Кыздардын баары кеткенде тиги досу мындай деп атат: "Мына, көрдүңөрбү! Дүйнөдөгү акылдуу эркекти! Эми бул бийкеч мага бекер "берет". Суктанып отура бергиле эми. Менден үйрөнсөңөр боло".
Кийин ал кыз менен жолугуштубу билбейм. Ал аялы бар туруп деле көп кыз менен жолугушуп жүргөнү көрүнүп турат. Муну көйгөй катары ойлонуп да койгон жок. Балким ал үчүн жеңил ойлуу кыз менен бекер "жолугушуу" романтикалуу чыгар, ким билет. Ар кимдин фантазиясы ар башка.


Отправить комментарий