алакачуу
Кайын энем кечки тамактан соң эле күйөөмдү да мени да болду тургула жаткыла, ачык эле....
1
Комментарии
Ассаляму алейкум кутман кунунуздор менен .
Турмушта көптү көргөн, эжекелеримден кенеш сурайын дедим эле.Турмушка чыкканыма 1 ай болду, нике түнү кыз чыкпай калдым, жолдошум баарын туура кабыл алды. Бир ооз андайсын, мындайсын дебеди. Экөөбүз сүйүшүп жүрүп турмуш курганбыз. Азыр жаш келинмин менде бир көйгөй болуп жатат, келип келе элек эле больницага баруудан тартындым. Ошого сиздердин кенешиниздер керек. Күйөөм менен кошулгандан соң, жыныс кынымдан келүүчү выделенияда бирааз кан аралашып калып жатат . Анан бирааз кобуроок суусундук ичип койсом эле туну менен ажаатканага чуркап калдым. Кээде заарамды кармана албай калып жатам. Бир күндүн өзүндө 2-3жолу шым алмаштырууга туура келип калат кээде. Циститпи дейин десем пока симптомдору анык толук эмес. Күйөөм больницага көрүнөлү дейт бирок үйдөгүлөрдөн уялам, анан кыргызчылык отко чакырмай, келин көрмөй кун сайын болуп жатканына бошобой деле жатабыз.
Апам болсо кызым Аллахтын бергени албетте бирок эртереек балалуу болгулачы дейт. Неберемди тезиреек колума алайын дейт. Күйөөм экөөбүз тең намаз окуп жакшы калыс ниет менен эле жашап жатабыз. Кайын энем кечки тамактан соң эле күйөөмдү да мени да болду тургула жаткыла, түн жарымга чейин жүрө бербей деп бөлмөбүзгө кууп салат. Негизи айтууга уятко бирок күндө эле сурай берет тест сал деп өзү тест көтөрүп келет. Ошого эртереек балалуу болуунун жолдорун айтып берсениздер. Аллахымдан күнү түнү суранып жатам өзүм да. Илгери чоң эне чоң апаларыбыз колдонгон методторду билсениздер айтып коюңуздар. Кайын атам эгиз белек кылсаңар келиниме машина алып берем дейт😅. Ошого жалпы суроолорума жооп күтөм сиздерден. Баарыныздарга чон рахмат, тынч аман болунуздар. Аллахым эки дүнүйө бактылуулук берсин💌


Чат
ОтветитьУдалить