алакачуу

Шайтан азгырды өзүмда не кылып атканымды билбей калдым дейт. Экөөбүздүн тен

 


Салам эжелер, синдилер. Бир нерсеге аябай таң калып тобоо деп отурам.

 Сөз башынан болсун. Мен өзүм намаз окуйм бирок оронбойм жоолукду артка салып эле жүрөм. Жашоом жакшы шүгүр 4 баланын энесимин. Күйөөм эч нерседен кем кылбай багып келе жатат. Жакында күйөөм зына ишке барганын билип калдым. Сүрүштүрүп журуп ким менен жаман жолдо жүргөнүн өз көзүм менен көрдүм. Баарынанда таң калганым хиджап кийген 2 баласы бар келин экен. Үй бүлөөсү бар күйөөсү Москвада 2-турмушу экен. Кайнатасы айылдын чоң молдосу экен. Ал келинге жолукканымда баарын мойнуна алып кечирим сурап ыйлаап эле турду. Шайтан азгырды өзүмда не кылып атканымды билбей калдым дейт.

 Экөөбүздүн тен үй бүлөөбүз бузулбасын деп жалдырап ыйлайт. Ошол маалда не дешти, не кылышты билбей нес эле болуп больницага түштүм. Күйөөм болсо андан өтүп жалдырап мага бир гана сен менен балдарым керек деп куран, намаз китептерди кармап кайталанбайт эми деп жалдырайт. Чынын айтсам ошол келиндин кайын журтуна барып шермендесин чыгаргым келип атат бирок кудайдан коркуп. Кудайдан корком. Ал келинде эле күнөө дебейм күйөөмдө күнөө бар. Экөөнөн өч алгым келип атат бирок кудайдан коркуп сабыр гана кылып атам. Балдарым атасын аябай жакшы көрөт аларды атасыз калтыргым келбейт. Ал келиндин шермендесин чыгарып салайын дейм бирок анында балдарын жетим болуп калат деп ойлоном. Эң таң калганым хиджап кийгендерге сыйым өзгөчө болчу. Урматтуу кыз келиндер кудайдан коркуп зынаа иштерден өзүбүз тыйып жашайлы. Азырда өзүмдө эмесмин түнү уктай албай таң атырып жиберем. Азырда бул катты бук болуп больницада жазып отурам.

Отправить комментарий

Отправить комментарий

Скачать?