алакачуу

Колу менен кармалабаса дагы сөзү менен жүдөтүп жиберди. Бир аздан кийин бирге болууну...



 "Көлгө эс алууга барганда атайын тур менен кызыктуу жерлерди көрүп келүү үчүн жолго чыктым.

 Бирок кайра келе жатканда орто жолдон айдоочу менен урушуп кетип түнөй турган жериме жөө келдим. Чынын айтсам, аябай деле өкүнгөн жокмун, ага окшогон эркектердин эмне кереги бар?! Ал жөнүндө эстегим да келбейт. Кеп башкада.

Сууга түштүм, күнгө күйдүм, жалгыз зериккен жокмун. Анан тоого алып бара турган тур чыгып калды. Бул экскурсияда тоолорду джип менен кыдыртмак. Кымбат баасына карабай барууга камдандым.
Эч жаман оюм жок эле джиптин алдыңкы орундугуна отуруп, башка туристтер менен чогуу тоону карай бет алдык. Жолду катар джиптин айтоочусу тамашалап көңүлдү көтөрүп барды.
Экскурсия баарыбызга жакты, кооз жерлерди көрдүк. Үйгө маанайыбыз жакшы кайттык. Бирок келгенче уктап келген арттагы улгайган эжелер жолдон түшүп калып, биз айдоочу экөөбүз жалгыз калдык. Ошондо унаанын алдына отуруп алганыма өкүнүп кеттим. Анан ал тийише баштады. Бирок мен турмушка чыга элек, жигити да жок жалгыз аял болгонума карабастан өзүмдү сыйлаган, барктаган аялмын. Айдоочу айткан сунуштарга өмүрү макул болбойм. Анткен менен тиги айдоочу моюн берген жок, тек гана каткырып күлүп, тийишкенин уланта берди. Колу менен кармалабаса дагы сөзү менен жүдөтүп жиберди. Бир аздан кийин бирге болууну кайра-кайра айтты. Акыры жиним келип, унаадан учуп түштүм. Унаанын эшигин ачуум менен шарт эте ача салсам ошол жерден өтүп бараткан кишини кошо түртүп жыгылдым. Ал кетенчиктеп барып жерге отуруп калды. Бактыга жараша, жолоочу сазайымды берген жок, бирок муштумун түйүп көрсөттү.
Ошентип тызылдаган бойдон айдоочудан алыс кеттим дагы автобуска отурдум. Андан ары карай беш аялдамадай жөө басып, үйгө араң жеттим. Бирок аман-эсен, баш-аягым соо келдим. Жолду катар дикилдеп соккон жүрөгүм үйгө келгенде жай алды".
Отправить комментарий

Отправить комментарий

Скачать?