алакачуу

Хиджап кийсем жолдошум кемпирге окшоп калдын деп жактырбай...



 Саламатсызбы админ .Тун ортосу уйкум качып ойлонуп жатам.

Жоолукчан эже-синдилерден кенеш сурайын дедим эле.
Жашым 33то .Жолдошум менен турмуш куруп жашаганыма 12жыл болду
Аллахка шугур 5балабыз бар.Турмушта ойдо-ылдый болот баарына сабыр кылып жашап келе жатам.
Аял затына берилген парз
Аял затына берилген парзды аткарып акыретти ойлонуп намаз окуп хиджаб кийдим.Башында жолдошум каршылык коргозгон кийин макул болду,бирок арадан 3жыл болду жолдошума жоолугум эч эле жакпай койду .Кемпирге окшоп каласын дей берет.Аллахка шугур озумо карап сулууланып эле журом,жоолуктардында соонун жарашыктууларын тандап салам.
Бирок кантип жолдошума ошол жоолугумдун баркын коргозо алам?
Сураныч катымды чыгарып беринизчи ,Аллах ыраазы болсун
Отправить комментарий

Отправить комментарий

Скачать?