Кайненем куйоом жокто ким мн жатып келдин деп, корсо кошунам мн жатканымды....
Жоолукту эптеп салбады. Мойнума илип коюп басып кетти.
Абысыным көшөгөгө жетелеп барып, май оозандырды. Күйөөм шорпо, боорсок жана жаңы бышкан эттен үзүп келип берип курсагыма кам көрүп жатты. Кошуна кемпирлер жоолук салып кетти. Кайын энем ошол бойдон жок.»Өзүң келгенсиң! Уятсыз!». Ар дайым ушинтет. Анан дагы уулуна татыксыз экенимди, өлүгүмдү көргүсү келгенин көп айтат. Жерге киргизе каргап-шилейт. Базарга барып кечигип калсам, «балам жокто, ким менен жатып келдиң», дейт. Күйөөм жумуштан келгенде тымтыйып отуруп калат. Күйөөмө сөз жок. «Жаку, баары жакшыбы?»- деп, көңүлүмө карап турат. Мындайда кайын энем жеп жиберчүдөй тиктейт. Ушул мени сүйүү гана кармап турат. Качып кетким келет. Бирок, күйөөм экөөбүздүн «эмне гана болбосун, бирге болобуз» деген убадабызды эстейм. «Камырыңдын калыңдыгы кантет? Өзүңдүн бетиңдей былтыят го. Жакшылап жай. Конок келер маал болуп калды». Туугандарын чакырган. Сонун кылып дасторкон даярдадым. Баары бир жактырган жок. Ары-бери түртүп өтүп жатты… Акыркы күндөрү колу тийчү болду. Чаап жиберет, жулкулдатат же чымчып алат. Сабырым түгөнүп баратканда, жетекчим «Чехияга командировкага барасың»- деди. Сүйүнгөнүмдү айтпагыла. Дароо күйөөмө чалдым. Жумушума гүл көтөрүп жетип келди. Чогуу


Отправить комментарий