алданып

Кызым ажыраша берип тажатты, эми уйдо отурат айылда ушак болуп, тундо балдар...



Кызымдын такыр эле багы ачылбай, турмушта ордун таба албай койду.

 Ушундан улам силер аркылуу психологго кат жазууга аргасызмын. Өзүбүз айылда турабыз. Беш кыз, бир уулум бар. Эң кичүүсү уул. Үч кызымды турмушка берип, алар жакшынакай эле жашап жатат. Бирок ушул улуу кызым турмушта ордун таба албай, атасы экөөбүздү убайымга салчу болду.

Мындан төрт жыл мурун коңшу айылга турмушка чыккан. Күйөө балам бир үйдүн жалгыз баласы экен. Карыган энеси эле бар. Куда каза болуп калыптыр. Бир заңгыраган үйгө келин болуп барган. Бир балалуу болуп, неберем бир жашка чыккандан кийин ажырашып кетишти. "Жаша" десек, кызым "шаарда жашамакмын" деп болбой койду. Күйөө балам да "апамды таштабайм, кетсең кете бер" деп койгон экен. Неберемди чоң энеси алып калган. Кызымдын көңүлүнө жакпаса, маңдайына жазганын көрөт да, жалгыз эле ушул бекен ажырашкан деп көп деле көңүлүмө алган эмесмин.
Жарым жылдан кийин Көл тарапка турмушка чыкты. Кудалар алдыбызга келип, "эми багы ачылсын" деп батамды берип сүйүнгөм. Бирок кубанычым көпкө узаган жок. Жакшы жер болчу, кимисинен кетти билбейм, эки айдан кийин эле анысы менен да ажырашып, үйгө баса бериптир. "Ичтен чыккан ийри жылан" дейт эмеспи, кайра эле акыл-насаатымды айтып үйгө киргизип, тим болгом. Башка эмне дейм?
Иштемекчимин деп шаарга кетти. Көп өтпөй, Бишкектин четинде турган балага турмушка чыгып, аны менен да көпкө жашаган жок. Эми үйдө жүрөт. Киши-кара келсе башка бөлмөгө кирип кетип, бекинип чыкпайт. Ансыз да айылдын эрмегине айландык, абысын-ажынга жакшы эле ушак болуп жатабыз.
Атасы да эртели-кеч "сенин кызың, берген тарбияң" деп мээмди жеп бүтүрдү. Кызымды урушсам же ал түшүнбөйт. Кыскасы, эки ортодо тажадым. "Жашоону түшүнсүн" деп өзүңчө оокатыңды кыл дейин десем ага да жүрөгүм чыдабайт. Баягы эмне болду деп сарсанаа болом. Абышкам экөөбүз ушул кыздын айынан күндө беш маал урушчу болдук. Эми кандай кылам?
Отправить комментарий

Отправить комментарий

Скачать?