алакачуу

Балам билбейт, келиним башка адаман балалуу болду, балам озу балалуу кыла албайт....



 Жолдошумдан ажырашкандан кийин эки уулум менен шаарга келип базарда иштедик. 

Улуу уулум мага жардам берем деп жүрүп балалуу болуу бакытынан айрылып катыптыр. Аны мен уулум бой тартып калганда бөйрөгү ооруп ооруканага жатып калганда билдим. Бирок уулуман бул кабарды жашырып койдум. Ошентип убакыт өтө берди. Кичүүсү эрте үйлөндү. Аны өзүнчө бөлүп салдым. Башында эки уулум тен каршы чыкты бирок мен айтканымдан кайра тартпай туруп алдым. Ал эми улуу уулум болсо негедир үйлөнөм деп сөз козгободу. Менин үйүмдүн жанында жайгашкан жатаканадагы кыздарга күндө көз салып койчумун. Алар мен иштеткен камокко дайыма киришчү. Бир күнү жаш кыз кирип көпкө турду. Бир нерсе айта албай жатканын туйдум. Көрсө менден карызга акча сураганы келиптир. Бир жигиттен кош бойлуу болуп аны алдыртканы жатыптыр. Ата-энеси айылда барктуу адамдар экен. Кызга: ” баланы алдырта турган болсоң төрөбөй каласың, жакшысы мага келин боол. Үйлөнө элек уулум бар”-дедим. Көпкө унчукпай турду. Акча издеп айласы куруп турганын сезсем да ошол наристени уулума бала кылып бергим келип жатты. Унчукпай чыгып кетти. Беш күн бою күттүм келбеди. Үмүтум үзүлүп калды. Кыздардан ал кызга акча берип ийдим. Бир жумадан кийин алдыртууга дити барбай койгонун айтып мен берген акчаны берди. Айылга кетип жатканын билдирди. Ошол маалда уулум кирип калды. Кызды уулума тааныштырып, “Ушул кызга үйлөн уулум мени да өзүңдү да бактылуу кыласың” – уулум жылмайып койду.

Ошентип кыздан дарегин алдым. Эки күндөн кийин уулумду жан жолдошун курдумду жолдошу менен ээрчитип алып үйүнө бардым. Атасы өтуп кетиптир. Апасы менен улуу агасынын колунда экен. Биздин келгенибизди жактырбай кудалашкан жери бар деп туруп алышты. Бир суткадан ашуун кызды алып кетем деп макулдата албай отурдум. Буга чейин чейин курбума уулумдан болочок келин кош бойлуу экен деп койгон элем, агасынын тырышып кармашып алганына жини келдиби: “Кош бойлуу кызды кудалашкан жерине кантип бересиң? Айтпайлы десек тыржыйып айттырасың. Башка кыз жок бекен башканы деле алабыз”-деп беттен алды. Апасы менен агасы кубара түштү. Ошол жерден ортого түшүп, “айтпайлы дедик эле буга чейин үйлөнөл деп жүрүшкөн силерге айта албай койду.

Жабылуу аяк жабылуу бойдон калсын бизди урушу жок узатып койгула”-деп чырды бастым. Ошентип келиндүү болдум. Жети айдан кийин эгиз төрөдү. Кудайым бизге уул да кыз да берди. Уулум иш сапар менен Астанада жүргөн. “Жети айлык төрөдү, уул, кызын жакшы”- деп угуздум. Убакыти бат эле өтүп, эки неберем мектепке кирди. Келиним экөөбүз сырыбызды бекем катып жашап келебиз. Келиним да уулумдун балалуу боло албасын билет. Жашоонун айынан катачылык кылып уулумдун бактысына мен балта чапсам, жаштык кылып келиним өз тагдырын талкалап ала жаздады. уулумдун уул кызынын көзүнун кареги менен тең айланып турганын көргөндө көзүмө жаш келип кетет. Келиним жакшы жар болду. Бирок менин жүрөгүмдү өйүгөн нерсе биздин бул былыгыбыз билинип калса уулум баарын кантип көтөрөт? деген суроо.
Отправить комментарий

Отправить комментарий

Скачать?