алакачуу

Уктап жатсам куйоом бетиме жаздыкты жаап муунтуп кирди, мени коруп калса керек...

 Бактысыз балалыгым


«Өзүм өрүкзарлуу Баткенденмин. Кенедейимен эле мээримге таңсык өстүм. Бала чагымда ата-энемен ажырап, алыскы туугандардын колунда ит көрбөгөн кордукту тарттым. Ал кордуктардын бирин айтсамбы, же экисин айтсамбы? Өрүк бышкан маалда, ар бир өрүк багынын тээ кылда учуна чейин тырмышып чыгып барып, өрүк терчүмүн. Мындан өткөн азап барбы? Кадимкидей башым айланып, көзүм алачакмактап кетүүчү. «Кайсыл бир күнү өрүк багынан кулап жан таслим болуп калбагай элем» деген суук ой мээмди көзөчү. Ушундан улам, өрүк тегиз бышкан мезгилди, эмнегедир, күтчү эмесмин. Андан сырткары таң саардан кой бакканы сайга жөнөчүмүн. Анан койлорду күүгүм кирип, жылдыз асманга жыбырап толгон маалда гана үйгө айдап келчү элем. Кокус, ошол убактан бир аз эрте айдап келсем, үй ээси «Кокуй, бул түгөт, койлорду талаага откозбой эле, жарым жолдон эле кайрып келди, байкуш койлор, эми ачкалыктан таң аткыча маарашат турбайбы» деп наалычу. Анысы го, эчтеке эмес, дасторконго көчүк басып, жаңы эле даамга кол сунарымда «Жетимдин жети курсагы бар, үстүндө балаканасы, астында самоорканасы бар, такыр тойгонун билбейт» деп эзмелеп кирчү. Эр болсоң, ошондой сөздөн кийин аш ичип көр! Жегениң желим, ичкениң ирим болор, оф! Акырын туруп, кетчүм, чай ичпестен. Курсак маселеси го, түккө арзыбайт. Баарынан да, ата-эне күйүтү жаман тура. Күндө күн алыс көз жашымы көлдөтүп, жетим өскөнүмө жаным кейичү. Ошентип, убакыт өтө берди. Ыйлап-сыктап жүрүп, орто мектепти да аяктадым. Ошол кезде, «Шаарга барып чоң окууга тапшырам» деген үмүтүмүн бырын-чырыны чыгып, коңшулаш айылдан Бакай деген жигит ала качып кетти…

Таш түшкөн жеринде оор
Акыры,айыл эрежесине ылайык,«Таш түшкөн жеринде оор» болуп отуруп калдым.Таңгалычтуу. Жетим өскөнүм аз келгенсип, жеке турмушум да чеке жылытпады. Күйөө сөрөйүм аракка жакын экени жетишпегенсип,чоң муштум да болуп чыкты.Алагүү болуп келген кездери жүн тыткандай сабачу.Көзүмүн көгү кетпей, көңүлүм зилдеп эки жылдай жашадым.Балалуу да болбодук. Эки ирет боюма бүттү эле,ичке тээп боюман түшүрдү,күйөө сөрөйүм.Үйдүн жалгыз эрке баласы болгондуктан,күйөөмө «Кой, ай!»деген адам болбоду.Ата-энеси ичкенине,бейчеки тентектик кылганына карабастан«Медерибиз,карманар

деле оңойго турбады. Алгач келген күнү квартирадан бир жума сыртка чыкпадым. Мени Москвага апкелген курбумун таанышы документтерими (3 айлык регистрация) ырастап бергенче. Анан бир пано-азиялык үлгүдөгү ресторанга идиш жуугуч болуп орноштум. Бактыма, ресторандагы ишим жеңил болду. Бирок да, жергиликтүү орус улутундагы кызматкерлер менен пикир алышуу кыйындыкты туудурду. Тил билбесең дудуктан айырмаң жок болот экен. Ошого, үйүлгөн идиштерди жууп салам да, бошогон кездери орус тилин үйрөнүүгө белсендим. Бара-бара аракетим текке кетпей, эркин сүйлөшүп калдым, орус тилинде. Арийне, тилден бөлөк да жүрүм-турум жаатында толтура кемчиликтерим бар эле. Ошолорду жойдум. Маданияттуу болууга үйрөндүм. Жарашыктуу кийингенди өздөштүрдүм. Арадан жыл айланбай куурчакка айлангансыдым. Күзгүдөн карасам, жаңыдан келгендеги жүдөп-какаган Саиданын ордуна тап-татынакай тал чыбыктай Саида турду. Ошол күндөрү мени менен бирге ресторанда сушист болуп иштеген Асылбек деген жигит жумушка узатып, кайра кечте жумушуман тосуп алып жүрдү…
Тайга бергис кунан бар
Өткөн өмүрүмү саймедиресем, Асылбек «Тайга бергис кунан бар, кызга бергис жубан бар» деп эч эле айланчыктаганын койбойт. Экөөбүз дээрлик бир жылдай кыз-жигит катары сүйлөшүп жүрдүк. «Сүткө оозун күйдүргөн айранды үйлөп ичет» дегендей, чынында күйөөдөн деле көңүлүм үч көчкөн журттай калган экен. Жүрөгүмө муз тоңуп. Асылбек болсо, бара-бара ишенимиме кирип, ошол музду акырындан эритти бейм. Буйрукка ылайык, былтыры баш коштук. Москвадагы «Жибек жолу» аттуу кыргыз улуттук кафесинде чакан той жасадык. Асылбек Москванын чок ортосунан бир бөлмөлүү батир жалдаган экен. Учурда ошол жерде жашап жатабыз. Үч ай мурда балканактай уулду төрөдүм. Россиядан тапкан таалайымын урматына, ырымдап уулумун ысымын Таалай койдук. Сүйүнүчүм көөдөнгө сыйбайт. Кудайымдын пейилине ыраазымын. Күнөөсүз болсо, таза болсо, дили тунук болсо, баары бир эртедир-кечтир чыныгы таалайга туш болот тура, адам баласы. Мындан ары жашоо кызык. Күнүгө уулумун өмүрүн, күйөөмүн өмүрүн тилеп, ошолор үчүн жашап жүрөм…
Отправить комментарий

Отправить комментарий

Скачать?