Жакын курбусу экөө энеден туума жылаңач бир төшөктө жатышыптыр. Мени көруп экөө...
Ырчыны аялым дебе, таксисти күйөөм дебе деп бекер айткан эмес экен.
Эки жылдан бери бир ырчы кыз менен жакын мамиледе болчумун. Эки клиптин акчасын берип, ал эми кийим кечесин камсыздап келгем. Мага жасаган мамилеси жакшы. Үйлөнуп алалы деген сунушумду эки жылдан бери чыгармачылыгын шылтоолоп артка жылдырып келген. Эми ага кызыкпаган эркектер болбойт кээде менин көзүмчө тийишип калса аларга менин жубайым болот деп коюп жүргөм. Бирок ичимден туз куйгандай ачышып, кызганычым кайнап кетчү. Көрсө ал жигиттер кеп эмес экен да. Эки ай мурун майрам алдында атайын айтпай барып сюрприз кылайын дегем көрсө мени сюпрприз күтүп жатыптыр. Уктап жатка керек деп акырын кирип, уктоочу бөлмөгө башбагып көргөн көзүмө ишенбей калдым. Жакын курбусу экөө энеден туума жылаңач бир төшөктө эрди катындай болуп жатышыптыр. Мени көруп экөө тең чочуп кетишти. Мен болсо эч нерсе айтпай сыртка чыгып кеттим. Аны менен бир төшөктө жатып жүргөн өзүмдөн жийиркендим. Мындай көрүнүштөн кийин кантип аялдарга ишенем билбейм.


Отправить комментарий