алданып
Депутат байкеден тажап озум мн тен жаш жигит мн журуп уйго барсам, депутат байке...
0
Комментарии
Мектепти бүтүп жатканда эле сулуу кыздардын алдынкы катарына киргенимди билчүмүн.
Бардык эле татынакай кыздар сыяктуу мен да аябай жалкоо элем.Колуман баардык иш келчү,бирок эч нерсе кылгым келчү эмес.Окууну деле орто бүттүм.Балым төмөн экенине карабай,акча-пакча сунуштап, жогорку окуу жайлардын бирине кирдим.Ал жерде деле окугум келбей жатты.Сабактарды көп калтырып,биринчи ссесияны эптеп-септеп эле бүтүрдүм.
Мени менен Маха деген кыз окуучу.Кийинки кезде кийимдери оңолуп,акчалуу жүргөндүгү байкала баштады.Сабак бүткөндө ар кандай кымбат машиналарга түшүп кетет.Ал көбү менен текеберленип сүйлөшчү эмес.Бирок мага андай кылыгын көрсөткөн жок.Модуль тапшырып жаткан учурда экөөбүз бир бөлмөдө отуруп калдык.Мен: “Сен кайдан эле акчалуу болуп жүрөсүң “-деп ачык сурадым.Маха жасалма кирпикүү көзүн бакырайта ачып: “Нази сага ачык айтайынбы?”-деп калды.Мен анын жообун укканда,модулду да унутуп калып ,таң кала түштүм.Көрсө Маха акчалуу эркектер менен жолугуп турат экен.Мага дароо эле сунуш кылды: “Сага да ошондой байларды таап берем”.Мен үн каткан жокмун.
Үч күн ойлонуп жүрдүм.Эки ички сезимим бири-бири менен каршылашып жатты.Бири: “Кой антпе” десе,экинчиси: “Эч нерсе болбойт бара бер”-деп айтат.Акыры экинчиси жеңип кетти.Мен Махага “даярмын” деп жооп бердим.Алгач эле бир чоң мекемеде жетекчи орун басары болуп иштеген кырктан өткөн адамга түнү бою “жолугушууга” бардым.Өзүмдү жаман сезсем да,алган көбүрөөк акчам азгырды.Андан кийинки “жолугушууларда” мурдагыдай тайманбай ,коркпой-үркпөй,уялып,кыйналбай калдым.Чөнтөгүм акчага толо баштады.
Бир күнү Маха:”Бүгүн аябай жакшынакай болуп кийинип кел,чоң адам менен жолугасың”-деп калды.Мен анда- санда телевизордо көрүп калчу депутат экен.Ал эртеси да телефон чалды,каалаган акчамды берип тураарын айтып өзүмчө ижарага чыгууну сунуштады.Мен ойлонбостон туруп макул болдум.Өзүнчө ижарага чыктым,тиги депутатым келип кетип турат.Бир гана шарты эч ким менен жолукпоомду талап кылат.Мейли дедим,ошентип 2 ай өттү.Өзүмчө ижарада жашайм,чөнтөгүм толтура акча,каалаганым аткарылат.Жыргал.Бирок эки-үч ай өткөндөн кийин мындай жашоодон тажай баштадым.Бөлөк жашыраак жигиттер менен жолуккум келет.
Бир күнү сабактан чыгып жашаган жериме келе жатсам ,бир келишимдүү машина токтоп калды.Машинасына өтө жарашкан 30 дагы татынакай жигит күлүмсүрөп: “Карындаш келиңиз жеткирип коеюн”-деп калды.Бир аз ойлонуп туруп калдым.Акыры колумду шилтедим да,машинасынын каалгансын ачтым.Тиги жигит кайда чакырса бара бердим,эмне кааласа да аткардым.Эч нерсени ойлогон жокмун.Бир маалда эсиме келип саатты карасам түнкү 2:30 болуптур.Чочуп кеттим.Шаша-буша кийинип жолго чыктым.Такси кармай коюп жашаган жериме келдим.Ал ижарада кайра-кайра тамеки тартып,кымбат коньякты ичип коюп,жини бетине чыгып депутатым отуруптур.Дароо эле бакырды: “Кайда жүрөсүн?”.Мен да анын жинине тийгим келип “Мен сенин менчигиң белем?Каалаган жагымда жүрөм”.Жаагыма анын күчтүү колдору шак дей түштү.Моюнум үзүлүп кетчүүдөй болду.Ал аны менен эле токтоп калбастан каруумдан кармап жерге ыргытты.Андан аркысы эсимде жок.Бир топтон кийин эсиме келсем,тиги депутатым бетиме суу чачып “Нази,Нази”-деп жүрөгү түшүп калыптыр.Ордумдан туруп кийиндим.Эшикти көздөй жөнөдүм.Ал мени колумдан кармады.Мен болсо ачууланбай туруп эле: “Кое бер.Сен акмак адамсың.Кызыңдан кичүү кыз менен ойноп жүрөсүн.Бирок сенден өткөн акмак менмин.Сенин айтканыңа макул болуп ушул жолго түшүп кеттим.Кое бер дейм,болбосо эртең бул окуяны элдин баары билет”.Тиги колум кое берди.Мен эшикти көздөй жөнөдүм….


Отправить комментарий