Кайним мн кыз жигит элек аны эчким билбейт, куйоом жокто, коп нерсе кылабыз сактанбайм...
Кайнимдин башка аялга үйлөнгөнүн каалабайм.
Анын башка аялды кучактоосун эстеп кетсем ичим ачышып, айлам куруп кетет. Мындан жети жыл мурун кайним менен кыз-жигит болуп эми үйлөнөбүз деп жургөндө тагдыр бизди эки башка нука буруп койду. Анын шаарда окуган агасы жашы бир топко келип калып, шашылыш үйлөнтүүнү пландап айылдан кыз издешиптир. Жакын жеңем менин окууга өтпөй калганымды айтып койгонбу айтор алар мени уурдап келишти. Алгач мен үйгө кирип барганда кайним алып келген экен деп аны күйөөм деп элемстетип отуруп калдым. Качан түн киргенде гана жигитимдин агасы экенин билдим. Баары кеч болуп калды. Кайним экөөбүздун сырыбыз ичибизде кала берди. Бир балалуу болгондон кийин күйөөм шаарга кетип калып, эки-үч айда бир келип мени менен толук кандуу жашабай калды. Кайним биздин түйшүгүбүздү кошо тартып, айылда калган мал-жанды ал багып келет. Экөөбүздүн мамилебиз да бар. Аны эч ким билбейт. Кошуналарым, абысындарым “жашы өтө электе кайниңди үйлөнт”- деп башташты. Аны уккан сайын кайнимди эч бир аялга ыраа көрбөй ичимден сызып келем.


Отправить комментарий