алданып

Кайра кайра турмушка чыга берип тажадым, балалуу боло албай, бирого эле жатып берип...

 


Саламатсызбы. Мумкун болсо чыгарып бересизби?

 Кенеш сурайм, оюнар маанилуу...21 жашымда мени алып качып кеткен. Күйөөм көп ичкендиктен, ичкиликтин айынан ажырашкан элек.. Бала жок, бир жыл жашаганбыз.. Иче берип бомждан айырмасы жок учурда. Арадан 4 жыл өтүп өзүмдөн 9 жаш улуу, балалуу болбой ажырашкан мырзага турмушга чыккан элем.Эл катары той кылдык.Ойлогом экөөбүздө тең бала жок, балалуу болсок жашап кетебиз деп. Жашоо шарты жакшы болчу. Аялы менен 13 жыл жашап көнүп калганбы айтор, турмуш кургандан бир ай өтпөй аялына кетип калган..Ортодо ызы чуу болду, акыры 5 ай жашап дагы ажыраштык. Балалуу болбодук, күйөөмдүн проценти төмөн болуп чыкты...

Андан бери 1 жыл өттү. Учурда жашым 28де. Иштеген ишим, кошумча каражат таба турчу булагым деле бар. Кептин баары бала... Арманым балалуу боло албадым. Убакыт өткөн сайын ойлоно баштадым. Жашым отуп бара жатат деп. Жакында өзүм менен тең, курсташ врач бала менен тааныштым... Ал да турмуш куруп, бир кыздуу болуп 1,5 жыл жашап ажырашкан экен. Сүйлөштүк, жолуктук бир ай. Учурда турмуш куруу сунушун киргизип жатат. Тийбей эле койойун дейм, балалуу болгум келет.Тийейин дейм дагы чочулайм аялына кетип калсачы деп. Же дагы келише албай калсакчы деп. Үй жайы жок, 0дон курайбыз эгер турмуш курсак. Кайра кайра эрге тийгенден да уялат экенсин элден. Башым катты! Көптү көргөн эжелердин оюн билгим келет...

Отправить комментарий

Отправить комментарий

Скачать?