Саламатсызбы чыгарып берип коюнузчу!
Урматтуу эжелер сиздердин керешиниздерге абдан муктажмын.
Менде да уй булоо маселеси. Турмушка чыкканыма 6-жыл болду. Эки балам бар. Куйоом менен мамилебиз абдан жакшы, эч урубпадык, бирок кайын эне эч эле тынчтык бербей койду. Азыр тороп уйдомун, иштеп жургонумдо айлыгымды бергенде анча деле суйлонбойт эле. Уйдо мал кармайбыз, кечээ малдарга чоп салынбай калган экен аябай урушту, ото катуу создорду айтты. Ушул кунго чейин куйоомо билгизбей журдум эле жемелегенин, кечээ чон балам телефон коруп аткан, куйоом чалса алган экен, кайын энемдин бут создорун угуптур, кеч жумуштан келип , кийимдеринди жыйна апандын уйуно алып барып коеюн, сенин кордолушунду каалабайм , кантип чыдадын ошондой создорго деди. Мен квартира тапканга чейин уйундо жашап тур, квартирага эле чыгып кетебиз , тынч жашайсын деп атат. Куйоомду да жаш баладай уруша берет. Озу да чыдабай калды окшойт. Эмне кылсам деп аябай башым катты.
Кетип калайын десем куйоом жалгыз баласы, кайын атам да жок, кыздары турмушка чыгып кеткен, бизден башка таянаар адамы жок. Кетпей журо берейин десем тынч жашоо болбой атат. Экинчи балам 2айлык эми колик болуп ыйлай берет, бир аз жудоп калдым, куйоом эртеден кечке жумушта , чарчап келет , уйго келиши менен суйлонуп баштайт, байкушум эки оттун арасында кыйналып журот.


Отправить комментарий