алданып

Кантип тын келин болом, уйго конок коп келет жетишпейм, настрой жок, кайнагамда эчким жокто...



Салам айымдар. Мен аябай жалкоомун, кантип тың боло алам? 

Эч нерсеге жетишпейм уже акыркы күндөрү курсагым тойсо эле болду деп жашап калдым. Баары бир деп. Кайнене кайната менен турабыз үйгө киши көп келет аларга чай берип тамак жазып атып эле кирлерим жуулбай үйлөрүн жыйналбай калат. Кеч кирип эле чарчап калам. Эртеси кайра эле ошол. 3 балам бар үчөө тең жаш. Өзүмда жай кыймылдайм. Кайненем баттан эле кыймылдачы айланайын деп көп айтат. Мага караганда ошол кайненем тыңыраак мен оозумду ачып балдарымды уктатып чыккыча бир жумушту бүтүрүп койгон болот. Кээде өзүмөн өзүм уялам.

 Эмнеге мындай жаралып калгам деп. Негизи аракет кылам баттан кыймылдап жумуштарды эрте бүтүргөнгө бирок кайра баягы эле ошол. Адамча да боёно албайм жарашпайт. Авысындарым менен бир жакка барып калсак же алар үйгө келсе укмуш өздөрүн карап бойонуп алышат жакшынакай болуп аябай суктанам ичимен. Бүгүн эми үйдө адатынча кайнатамдын карындашы келиптир алыстан ошого тамак жазап атсам балам горошокко чычып мага айтпай кетип калыптыр. Кайнагам кирип аны көрүптүр, анан үйгө кирип эле подставка терезелердин сандарын сүртүп койсоңор боло үйдү таза кармабайсынарбы деп сүйлөндү. Уялганыман кирерге тешик таппай калдым. Өзүнчө бетиме айтса дагы и демекмин, ошончо коноктун көзүнчө айтты😭. Кайнагамдар өзүнчө жашайт бир көчө ары. Келип турушат. Кантип тың болом? Кантип баарынан жетишем? Мага мотивация бергилечи үйдө отура берип самооценка түшүп кетти... Рахмат админ.  

Отправить комментарий

Отправить комментарий

Скачать?