Менин азыркы турмушум – экинчи турмуш. Күйөөмдүн дагы экинчи
турмушу. Биринчи турмушунан эки баласы бар. Мурунку аялы менен жашап жүргөндө балдызы менен ойнош болуп, өзүнүн үй-бүлөсүн да, балдызынын үйбүлөсүн да бузуптур. Мен аны кеч уктум. Эми азыр ичип алса, кайра уялбай мени жездеме жабыштырган өнөр тапты. Андайда жанымды коёрго жер таппай калам. Достору келсе деле жабыштырып, “сен аны карадың” деп канымды ичет. 3-4 күндөн бери такыр сүйлөбөй коркутуп жүрөм. Силер эмне кылат элеңер мындай болсо?
Бирок бизди аябай жакшы карайт, тамак-аш, кийим-кечеден кем кылбайт. Биринчи турмушумдан да эки балам жанымда. Аларды да жакшы көрөт. Бирок кылганынын баарын жаман сөзү менен чыгарып салып жатат.


Отправить комментарий