алакачуу

Күйөөм менен чогуу жашаганыма үч жыл болду, куйоом уурусун деп торкунумо жеткирип койду..



Күйөөм менен чогуу жашаганыма үч жыл болду. 

Бир жашар уулум бар. Буга чейин биз бирөөнүн батиринде турчубуз. Үйгө ашык акча кое алчу эмеспиз, анткени биздин тапканыбыз өзүбузгө айдан айга араң жетчү. Бир жыл мурун шаарда турган кайнагам иштегени үй-бүлөсу менен Орусияга контрактын негизинде кетишти. Алардын үйүндө биз туруп калганбыз. Алар келгенче жер болсо да алып алалы деген ой менен үйгө акча жыйнап жатканбыз. Биз менен кошо өмүрү бизге келбеген кайынсиңдим туруп калды. Туулган күнум болуп мага эжем жакшы көйнөк алып берди. Ага да баламды көтөрүп алып барып алдырткам. Үйгө келгенден кийин кайынсиңдим баягы көйнөктү көрүп мен да алам деп чамынып калган. Кечинде күйөөм келгенде кайынсиңдим кийимдерим жок деп булкунуп силкинип кийимдерин жыйнап алып чыгып кетти. Күйөөм түндө кайда барасын деп артынан кетип бир топто келди.

 Андан кийин эле катылган акчаны таппай калды. Менин кийимдеримди чачып жаны көйнөктү тытып ыргытып мени уруп кирди. Мурда мындай көрүнүш болбогонго түшунбөй коргоно да албай калдым. Такси чакырып баламды колума карматып отургузуп алып мени эжемдикине жеткирди. Менин кебетемди көрүп эжем да жездем да түшүнбөй калды. Жездеме болсо «Балдызын ууру мен чогулткан акчаны уурдап эжесине берип жүруптур эми ошол акча менен эжеси баксын менин тапканым менен оокат кылып келдинер»-деп катуу айтты. Жездем сабырдуулугунан теңелбей кетирип ийди. Он беш күндөн ашты эжемдин үйүндөмүн, үйдөн эч нерсе жоголбосо экен деп сарсанаа менен жашап жатам. Болжолумда биз чогулткан акчаны кайынсиңдим алып мага көө жаап кеттиби деп да жатам. Кайненем да апама чалып: «кызың ууру экен бүлө кыла албайбыз»- деп коюптур. Ушунча окуя жараткан көйнөкту эжекем туулган күнүмө деп сатып берген эле. 

Отправить комментарий

Отправить комментарий

Скачать?