арак

Куйоом жакшы иштейт, подружкаларым мн колго барып ес алып, ал жактан балдарга жатып...

 


Саламатсыздарбы? Эки айдан бери ичкеним ирим, жегеним желим болуп, оюм онго, санаам санга бөлүнүп, бушайман болуп жүрөм. Себебин баштан-аяк түшүндүрүп берейин.

Жашым 38де, жолдошум бар. Ал быйыл 42ге чыкты. Ортодо эки уулубуз бар. Балдар чоңоюп, күйөөм экөөбүз тең иштеп буттан турдук. Батир, унаа алдык. Күйөөм инженер, мен болсо башында базарда кийим-кече сатчумун. Кийин иш жакшы жүрүп соода борборлордун бирине жайгаштым. Азыр ошол жакта аялдардын кийимин сатам.
Жанымда соода кылган кыз-келиндердин баарынын үстүндө үйү, астында унаасы бар. Баары жакшы турушат. Алар менен кээде эс алууга чыгып калчумун. Арасында күйөөгө тие элеги, тийип чыкканы да бар. Ушул жайда чогуу иштеген 5-6 аял Ысык-Көлгө эс алып барып келдик.
Колубузда акча, астыбызда унаа бар, болушунча жыргадык. Ошол жактан жаныбыздагы кыздын сүйлөшкөн адамынын достору менен таанышканбыз. Арасынан салабаттуу, жакшынакай бир досу менен көзүбүз чагылыша түшкөн. Көлдөн келгенден кийин бир күнү ошол адам чалды. Телефонумду чогуу иштеген кыздан алыптыр. Ал-ахвал сурашкандан кийин чайга чакырды, бирок күйөөм, балдарым бар экенин айтып барган жокмун. Көп күн өтпөй кайра чалып түшкү тамакка чакырды. «Жаш кыздай болбой барса барып көрөйүн» деп бардым.
35те экен. Үйлөнүп, ажырашып кеткенин айтып, кобурап отурду. Маңдайы жарык, жакшынакай кийинген, орду менен сүйлөгөн адам экен. Башкача сезимдер коштоп ошону менен тарап кеттик. Ошол күндөн кийин жүрөгүм дүкүлдөп эле, жинди немедей баягы адамды ойлой баштадым. Үйгө барсам, күйөөмдүн жанында отурсам деле ошол адам ойго түшөт. Жолдошум көп сүйлөбөгөн, иш десе ичкен ашын жерге койгон адам. Бир да жолу катуу сүйлөп, көңүлүмдү калтырган эмес. Болгону бизге, балдарга убактысы аз эле. Көп убактысы жумушта өтөт. Ошол себептен да тиги адамдын жылуу сөздөрүнө эреркей түштүм окшойт. Аны менен смс жазышып жүрүп эле жакын болуп кеттик. Ошентип жүрүп бир күнү күйөөмдүн көзүнө чөп салдым. Ашык болдумбу же шайтан азгырдыбы, айтор, түшүнбөй калдым.
Ошол күндөн баштап баягы адамга экинчи жазып, чалып, тынчымды албоону өтүндүм. Ичимен жактыруу сезими болсо да андан кол үзүүгө туура келди. Үй-бүлөмөн биротоло ажырап, эл-журтка уят болбоюн деп кол үздүм.

Күйөөмдү, балдарды ойлодум. Туура эмес кылганымды сездим.
Бул ишти эми жолдошума айтсамбы же унчукпай жүрө берсемби деп башым маң. Билмексен болуп жүрө бергенден бетим чыдабай жатат. Айтсам андан да жаман болорун билип турам. Эмне кылсам, күйөөмө унчукпай эле койсомбу же кези келгенде айтышым керекпи? Биздин коомдо аял үчүн бул өтө уят нерсе экенин билем, бирок сезимге алдырып жибердим..
Отправить комментарий

1 Комментарии

  1. Анонимный15.3.23

    Айтпа ерини сындырасын .жакшы кумон мындан ары уйбулоонун кадырын билип жур канчплык кымбат екени ушундан билинет

    ОтветитьУдалить
Скачать?