алакачуу

Айылда турабыз уйдогулор кийинттирбейт, куйоом акча бербейт, кочодо коргондор мени...



 Саламатсызбы?Чыгарып берип коёспу сураныч?Үйдө отурам. 

Окууну бүткөм, дипломум бар. Күйөөм иштетпейт.Же өзү ашыкча акча бербейт. Биз аялдар көп нерсеге муктаж экенбиз. Качан болсо күйөөмдүн колун карап отурам.Акча берсе дагы нааразы болуп олтуруп берет, үйдө отурасыңго неге керек сага деп.Келин болуп келгенимден бери ата-энем алып берген кийимдерими кийем.Күйөөмө жаман көрүнүп олтуруп бир көйнөк алгам.Неге мындай? Кайын журтум дагы ошо көйнөктү алганымда жаман көрүшкөн. Биз илгери бир кийимди жыртылгыча кийгенбиз деп.3жыл болуп калды тийгениме. Жададым. Же дос тууганга кошпойт, же акча бербейт.Бүт баарын кайындарыма берет.Өзүбүзчө эки жакка чыкпайбыз, чыккычаңды уруш талаш болот. Иштебей көчөлөп отуруштарда жүрөсүңөр деп.Күйөөм чечкинсиз.Мен иштейин десем үйдөгү ишти ким кылат деп кайын энем бакырган. Ажырашайын десем балдарымды жетим кылгым келбейт.Өз ата-энем кийим кылып берет,балдарыма дагы. Аноним.

Отправить комментарий

Отправить комментарий

Скачать?