Саламатсызбы менин катымды дагы чыгарып беринизчи.
Турмушка чыккам 3 жыл болуп жатат, бир кызым бар 1жаш.8 айлык Аллага шүгүр, экинчиси боюмда буйруса 6 көйгөйүм жолдошум, эч эле сыйлабайт аябайт аябай эле койпол мамиле жасайт, мейличи деп айтканын кылып көзүн караган сайын корсулдайт. Үйдө инвалид кайнатам бар аны карайм, чоң кайнагамдын эки кичине кыздарын карайм эки жылдан бери, өзүмдүн кызымы карайм. Айылда турабыз колго жасалчу иштер көп чарчайм, иштен адам өлгөн эмес наалыбайм кыла берем колуман келишинче баарын. Бирок ошону жолдошум такыр эле баалабайт , үйдө отурасын го жеп ичип эле деп жүрөт. Өзү болсо мал багат 25 малыбыз бар аларды деле айдашып өзү жокто каралашам кызымы көтөрүп алып. Анан жолдошум мурда кыздар менен сүйлөшүп жөн жүргөн эмес экен, кошуна эле чон чон эжелер менен дагы соо эмес, алары дагы кээде чалып ишке суранып калышат аябай жиним келип алар менен сүйлөшпөй тынч жүрө берсен десем суранып жатат дейт.
Аябай жиним келип урушсам менин бетими тытып жегидей болуп жатат тим эле. Дайыма урушканда койчу эми деп сүйлөп койчу элем, мунусунда аябай көңүлүм ооруп капаланып калдым жолдошуму көргүм келбей жатат. Бир жолу таарынып кеткенимде жалынып жүрүп алып келди эле, кызым үчүн маакул деп келсем дагы эле ошол жашоо, эркектин таажалы жаман болот экен. Аялды бир ооз жакшы сөз менен алдап койсо болотко. Бир ооз жакшы сөзү жок деги эле койчу. Жашообузга келсек бирде бар бирде жок, жокто жок деп отура берет, ушул убакка келип бир эмне жегин келди эле деп эркелетип ичими кармап койбоду. Жаны кийимди такыр эле унутуп калганбыз. Бүгүн уруша кетсек кебетене карасан өзүнүн мырка болуп калгансын деп аябай көңүлүм оорутту. Эми болсо ойлонуп жатам, ушул жаман курсагым эптеп тоет эле кудайга шугур апам бар иним бар, ушундай жинди менен өмүр өткөрүп кор болгончо жалгыз эле жүрөмбү кыздарымды карап.


Отправить комментарий