Эркекке ишенгиче эки босогоңо ишен деп бекер айтпаса керек.
Он сегиз жылдан бери ишенип турмуштун ысык — суугун бирге тартып келгени биздин баарын бир көрүнүш жууп кетти. Бир кезде эки чыны түбү ийрейген чайнектен башка оокатыбыз жок эмес беле. Баарын жоктон баштап, ата бабабыз тааныбаган Орусияга бирге барып, ичерге тамак жок калган күндөрдө бири-бирибизге болгон ишеним кеткен эмес эле. Ошондо да бири-бирибизди таштаган эмес элек. Азыр үйүбүз бар, бардар жашоо жашайбыз. Улуу кызыбыз тогузунчу класста окуйт. Калган төртөө да бой тартып бара жатат. Кантип кайсы бети менен кызынан ашып кетсе беш жаш улуу кызды үйгө алып келип менин төшөгүмө жатышты. Балдарга алаксып паспортумду үйгө таштап кетиптирмин. Түшкө маал нотариуска барып ошондо эстеп кайра үйгө шаштым.
Бүгүнкүнү эртеңкиге созгум келген жок. Шашып кирип барып спалныйга кирген бойдон катып калдым. Энеден туура жылаңач экөө кучакташып уктап жатат. Жапжаш кыз. Кызымдан бир аз эле жаш айырмачылыгы бар. Эшикти тарс жаап чыгып кеттим. Чочуп турган күйөөм жарым жылаңач артыман келди. Экөөбүз уруша баштадык. Тигиниси болсо акырын басып үйдөн чыгып бара жатат. Аны чачын жулуп ургум келди, бирок кызымды ойлоп кеттим. Анын да мендей энеси эч нерсе билбей жумушундан отурат да. Энесинин аядым мен уруп коюп эртең чуу чыгып беттеше келгенде эненин көңүлү сынып жер карап турганын көргүм келген жок. Аягында күйөөмө кийимдерин көтөрүп чыгып кетүүсүн айттым. Ал болсо мени жумуш маалында эмнеге келесиң деп күнөөлөдү. Айтор он сегиз жыөдан бери биринчи жолу бири -бирибиздин жүзүбүздү көрдүк. Жек көрүү сезими өзөгүмдү өрттөп турду. Акыры күйөөм чыгып кетти. Арадан эки ай өтпөй кызым аны классташынын эжеси менен кучакташып турганын көргөнүн айтты. Айтор жашырган сырымды кызым сырттан ачыктап келди. Эми берки уулдарыма эмне түшүндүрөт билбейм…


Отправить комментарий