Баарынарга Салам, группаны көп окуп турам, менда жазчу арманым бар,
Эркектерда окуйт билем, кайрылуум эркектерге, ата болгон соң аялынарга, өз канынардан жаралган уул кызынарга татыктуу ата болунуздар, мен ыйлап отурам көздөрүм шишип. Атам же өзү жакшы маанайда жүрбөйт, же апамды жыргатпайт, же бизди. Дайым кылган иштен минус таап, сөгүнүп кагынып эле турат,иш кылганда жакшыбыз, бекер отуруп калсак эле ,арам тамактар, жок дегенде жегенинерди актагыла деп урушат, жаман дебейм бирок көңүлүм калып аябай ыйладым, жетимдер деп каттуу эле сөгүнүп сүйлөйт,көчөдө жакшынакай жүрөт ,үйгө келгенде эле кабагын салып бизди душмандай көрөт, бизге мамилеси жакшы эмес. Кыздар назик алсыз болот экенбиз, башым ооруп кетти ыйлай берип, жакшы мамиле кылып уй-булөөгө камкор болалбасанар анча мынча эркектер баары эмес, адамды кыйнабай үйлөнбөй бойдок эле өтүп кеткиле !
Ушунчалык жаныма жетип кеткени үчүн жаздым. Уялып да калат экенсиң элден, баарынын көзүнчө бизди өтө төмөн кылып жамандап сыйлабайт,Апам эшиктин ортосуна отуруп алып аябай жашбалача ыйлады🥺 карап туруп уялбай,бизге ,жоготкула көзүмө көргөзбөй деп бакырды 😭 төрөлгөнумө өкүнүп кеттим.Үй-бүлөөсун коргобой өзү ушинтип турса,бизди ким сыйламак эле, апамда ооруп калды. Ыйлайбыз апама боорубуз ачып, жаштыгында жаштыктай өткөрө алган жок, кой тирилиги бүтпөй калбасын, эл эмне дейт ,силер эмне болосуңар, уят деп жашап келди. Жаш баладан өтүп таарынып алат урушуп кетишсе,3 ай 1 жылдап сүйлөбөй жүрө
берет апам суйломөйунчө. Же бизден уялып койбойт. Көңүлүм ооруп ыйлап отурсам не бок жеп отурасың деп кыйкырып чыгып кетти 🥺😭Небере көрүп калган болбосо. Күйөөгө да тийгим келбей калды. Аябай чарчадым!! Баардык эркектер эмес, арасында түшүнүгү жоктор окугула кайра кайра!!!! Колуңардан эч нерсе келбей эле көкүрөк көтөрө бербей!! Же өзүңөр жыргап жашабай же үй-бүлөөңөрду жыргатпай! Өлүп эле алгылачы жок дегенде зыянынар тийбесин !😭Байкуш апам оңолот деп жүрүп жашоосун жыргап жашаган жок!


Отправить комментарий