аркасынан
Мен уйлонгондо баары аялыма кызыгып журушту, мен жокто аялымдагы кошуналар мн....
0
Комментарии
Мен үйлөнгөндө айылдын баары уу-дуу болуп, аялымдын сулуу экенин айтып бүтүшпөйт.
Бул мен үчүн абдан чоң кубаныч эле. Кездешкен байкелердин баары эле “Келин бала абдан сулуу экен, издеп жүрүп тапкансың го, далай кыз сыныңдан өткөн окшойт ээ” деп калышчу. Инилер болсо “Жеңени карап алып эле келечектеги аялыбызды элестетип калдык” деп тамашалап өтүшчү. Келинчегимдин бою меникинен кичине узунураак болчу. Анын үстүнө Кудай мага өң-түстүү да жакшылап бербептир. Ал мага абдан жагып калгандыктан, жеринин алыстыгына карабай машинага салып төө басты кылып ала качып кеткен болчумун. Таш түшкөн жеринде оор болуп отуруп калды, кайда бармак эле.
Экөөбүздүн жашообуз жаман уланган жок, кылган-эткени тың, мага жасаган мамилеси жакшы, ал эми жубайым эмнегедир апама жакпай койду. Отурган жерден апам бир нерсени баштайт, мен күчүмдү аялыман чыгарып барк-барк этип алам. Ал узун кирпиктерин суулап алып сыртка чыгып кеткенде ичим туз куйгандай ачышып, апамдын тилинен коркуп унчуга албай отуруп калчумун. Бара-бара апамдын тилине кирип, болбосо апамдыкы туура эместигине жиним келсе да, аялыман күчүмдү чыгарып ага кол көтөрө баштадым. Жакшынакай келинчегим чөгүп, сыртынан эч кимге сыр билгизбей жадыраганы менен мага муруңкудай болбой муздай баштаганын сезип жүрдүм. Ансайын ичип алганда эмнеге мага эркелебейсиң, эмнеге мени кучактап өппөйсүң деп сабап салам. Өзүмдүн ушул жасаган иштеримди эркекке таандык, эркекчилик деп ойлочумун.
Апама ал кылганым абдан жагып, аялымды катуу кармаганыма кубанып калчу. Карындаштарым, инилерим жеңесине боору ооруп турса да, апам экөөбүздөн коркконунан унчуга алышчу эмес. Кээде мен ичип келгенде үйдөн качып кетет, утурумдук таяк жебегени менен андан кийин мээсине чай кайнайт.
Апам: “Аялың түн ичинде качып кайда барат, таң аткыча сарайда жашынып жатат дейсиңби, бирөө-жарымды таап алып, анысын чакырып алып жыргап жүргөндүр, аны кайдан билесиң” дегенде ичиме туз куйгандай боло тушөт дагы тегеректеги эркек аттуунун баарын көз алдыман өткөрөм. Ким келинчегимди карады, ал үчүн аялымдын көзү көгөрөт. Азыр ойлосом ал байкушка жакшы эле кордукту көрсөттүм. Көпкө чыдады, балканактай уулдуу болдук. Уулума бир жаш болгондо аялымды айылдагы ак көз, кара көздөн
калып колуман кармап калды.
-Болду, баары бир сен башкага кетем деген аял менен жашабайсың. Экөөбүздүн көңүлүбүз табышты, сулуу аял алдың, бирок аны соолуттуң, жадакалса суу куйганга жарабадың. Эми ал меники болот-деди.
Экөөнү бирдей ашата сөгүп туруп кетип калдым. Айылга барсам апам ого бетер албууттанып алыптыр. Уулунун башын чанып кетип жатса ага оңой бекен. Болушунча аны жамандап, аягы суюк көргөздү. Бирок эл деген эл экен, күнөө кимден кетип жатканын таразалайт тура. Көбү эле апам экөөбүздү күнөөлөп коюшту. Апам жулунуп-жулкунуп Кемелдикине барды эле анын энеси:
-Балдар өзү каалап жатса эмне кылайын. Ал мурда сенин келинин болсо эми менин келиним болду. Баламдын тандоосуна койдум, жашагысы келсе жашасын, келин жаман эмес, баркына жете албасаң эмне кылайын. Балаң да кызыл камчы неме экен, ичип алса келиндин жанын койбой сабаарын өз көзүм менен көрбөдүмбү. Небереңди берем десең бер, бөлөксүнтпөй багып алабыз, жок алып калам десең дагы өз ишиң. Бирок баланын энеси ушул келин экендиги чындык,-дептир.
Ызылдап-ызылдап калып калдык. Кемел менен менин аялым жарашкан жубайлар болуп калышыптыр. Фермасын өстүрүп, улам бир машина минип, баягы мен жаңы алганда кулпурган келин эми андан дагы ачылып алган. Эгиз уул төрөп берди. Чоң дүкөн ачып иштетип жатат. Күнөө өзүмөн кетип калганын, апамдын сөзүнө кирип үй-бүлөөмдү бузуп алганыма өкүнөм. Кээде ичкенде апама айтып алам, ал баары бир мойнуна албай мага таарынат.

Кемел аялым мени менен учурашып, балага эмне керек экенин же келсе “кийимин алып берейин” деп сүйлөшүп калса деле кызганбайт. Мен болсом эчак анын көзүн көгөртмөкмүн. Кызганам деп жүрүп куру жалак калдым. Биринчи аялыма дагы деле көп адамдар суктана карашат, анын бири менмин. Кызыл гүлгө кол жеткизип, соолутуп алаарымда аны башка бирөө аздектеп алды. А мен армандамын…

Отправить комментарий