Кайын энем сени балама жамандабайм, кыздарымада деп көп айтчу.
Характери өтө оор, эки жүздүү. Ойу аябай арам. Өтө жаман кайын энеге туш болгон окшоймун. Чынында кээде бууп өлтүрүп салгым келет. Ошол характерине чыдабай качып кеткенимдеда баласына жалдыраба, чалба дептир. Кокустан таап алдым.
Урматтуу эжелер кеңеш бериңиздерчи. Кайын энеме жон гана бетине күлүп коюп жүрөм, бирок ичим чок болуп калдыда. Ага эч жаман оюм жок болчу. Өзүн өзү кылды. Жалгыз уулунун бактын тилебей кайра кайраштырып отурат. Азырго жашмын чыдайм, бирок кайын энем каарыганда мен ага зулумдук кылып койбоймунбу деп корком. Ушул зулумдуктарын кийин өзүмдүн келиниме кылбаймынбы деген суроо келет. Канткенде абюзер, манипулятор, эки жуздуу кайын энени жеңип жана да мага кылгандарын бат унутам? Кеңеш берип койуңуздарчы? Кайын энемдин ушундайынын айынан баласына баары жогун айтып да салдым. Жашабайм, ажырашам десем баласы кое бербей койду.
Мен болгону өзүмдүн ичимде болгон нерсени жеңүү үчүн кеңеш сураган болчумун. Кайын энеме элдин келинине караганда колумдан келишинче жакшы мамиле жасадым, азыр деле ошондой мамиле кылам. Бирок мени жаңы келин болгондон баштап эле жактырбады. Баласына ыраа көрбөдү. Кет деп айтат.Антип айта тургандай жаман иш деле кылган эмесмин. Баардыгы сыяктуу эле пахать этип эле жүрөм. Анан кантип эле менин ичим жылысын. Үй бүлөмдү сактап жашап, бактылуу болгум келет.


Отправить комментарий