алакачуу
Куйом мн тарынышып жургондо жумушта дос кызымдын жигитине 5 минут эле тосуп бере коюп...
0
Комментарии
Кымбаттуу эжелер. Мен жашоомдо чоң күнөө кылдым.
Аны сиздерге айтууну туура көрдүм. Атым аноним эле калсынчы, үй-бүлөмдүн бузулушун каалабайм.
Эки жыл мурун жолдошумду бирөө менен кармап алып бир топко таарынышып жүргөнбүз. Бирок үйдөн таптакыр чыгып кетип калган эмесмин. Болгону ич ара таарынычтар болуп кеткен. Ошол учурда мени менен чогуу иштеген кыздын дос баласы жагып калып, аны менен мамиле кылып калгам. Бул мамиле көпкө созулган эмес. Көп өтпөй мамилени үзүп жолдошумду кечиргем. Андан бери жолдошум менен бактылуу эле күн кечирип келем. Эгиз уулду болгонбуз. Кызыгы бир уулумдун териси кара. Мен да жолдошум да сары терилүүлөргө киребиз. Уулум эки тарапка тен окшобой жатат. Мен болсо жолдошума таятам кара киши болчу деп алдап койдум. Уулумдун кебетеси бир кезде мамиле кылган жигитке окшош болуп калды. Уулумду көргөн сайын шекший берчү болдум. Төрөлгөндө да уулдарымдын каны эки башка топ экенин аныкташкан. Аны бир эле мен билем. Эки эркектен бир эле учурда кош бойлуу болуп калууга мүмкүнбү? Өзкөзүмө ишене албай башым маң боло берчү болду.


Отправить комментарий