19 Жаштамын, куйоом ГОС жумушта иштейт экен деп тийсем мал карайт экен, бир жума жашап...
19 жаштамын,жигитим бар эле ага тийбей,
Башка жигит чыгып калып ошол балага турмушка чыккам. Аны гос жумушта иштейт деген,иштегени иштейт экен, өзүнүн айылындагы айыл өкмөтөө,бирок үйүндө мал карап аябай сасып жүрөт экен. Ушунчалык бир жума болбой көңүлүм калып кетти,жуунбайт мал карап келгенден кийин,ат сасып үйгө кирип отуруп алат,тишин жуубайт сасытып журө берет. Ууфф айта берсе сөз көп,жыты да бир жийиркеничтүү. Өзүм таза тыкан болуп жүргөнүм үчун аны эч жактыра албай 2 жума жашап келе бердим. Же бир эркектей болуп көңүл алышты билбейт,өмүрү кыздын колун кармап көрбөптүр,эч нерсени билбейт. Аркаман келип атат үйгө кеттик деп,бирок жигитим мен сени алам ал менен кетпечи деп атат. Жигитим менен кетсем кийин жүзүмө салбайбы деп ойлоп жатам. А күйөөмдү болсо такыр көргүм жок….


Отправить комментарий