Динчил куйоом командировкага кеткенде мен жыргайм, 10 жаш кичуу жигит мн ар кайсы поз...
Мен башта университетте иштеп жүрүп, кийин чакан бизнес ачып кеткем.
40 жаштамын. Жолдошум мамлекеттик кызматта иштейт. Командировкаларга көп чыгат. Динди да бекем кармап калды. Үй-бүлөдө көп чектөөлөрдү кыла берет. Ал качан гана жумушчу сапарлары менен сыртка чыгып кеткенде, менде эркиндик пайда болорун жашырбайм. Курбуларым менен жолугушабыз, ичкиликтен аз-маз татып, майрамдарды улантабыз. Ушундай күндөрдүн биринде 10 жаш кичүү жигит менен таанышып калып, тымызын мамиле кылууга да өттүм. Кадимкидей эргүүгө батам. “Бальзаковский возраст” деп коёт го… Көңүлүң каалап, ички сезимдериң ашыкча самап атса, аны бир күйөө менен чектөөгө алууга чыдаган жокмун. Дайыма эле кысылуу, тартынуу менен жашасаң бук болуп кетет экенсиң. Жаш курагыбыз өтүп атканда ойноп-күлүп алууга кандай карайсыңар? Рамкада калган күндөрдө калгым келбейт…


Отправить комментарий