Озум диндемин, намазым бар кыздарым багылу, бирок куйоомон келтек жейм эмнеге...
Каардуу бороон , дегеле менин жашоом оорбу же менден да бактысыз жандар барбы бирок бүгүнкү күнүм эң ызалуу күн эле.
Жүздөрү кызарып суука үшүгөн эки кызым этегимден калбай жөжөлөрдөй ээрчишет. Сөз башынан болсун: ак жуумал өңдүү сулуу кыз элем күйөм экөбүз сүйлөшүп жүрүп үйлөнгөнбүз, анда дайыма жылмайып болгон эркелигимди көтөрчү.Үйлөнөлү деген чечим менен жакшынакай үйлөндүк.Мен бактылуу болом го деген үмүтүм зор эле,тилеке каршы андай болбоду.Жашаганыбызга үч айдын жүзү боло элек жатып ал мага кол көтөрдү көзүм көгөрүп бирок аны жыгылып сүзүп алдым деген шылтоо менен жакындарыман жашырдым.Ошентип жылдар өтүп эки кыздуу болдук бирок кол көтөрүп сабаганын койбоду ,бул арада далай төркүнгө барып далай келдим .Бүгүнкү күнүм да дал ошондой күндөрдүн бири.Өзүм диндемин хиджаб кийем намазым бар ,
үйүм таза тамагым жасалуу,кыздарым багылуу , бирок кайсы күнөм үчұн таяк жеп жүргөнүмө түшүнбөйм .Кыялы жаман орукчан адамдай ичке да башка да муштап согот .Ыйлап ыйлап окатымды кылам ,сабап туруп кечирим сурайт бирок көңүл калып калат экен. Азыр эмне кыларымды билбейм кыздарыма карап жашайын десем адаты калбады он жылга кетти мындай жашоо.Апама сөз берип кечирим сурап апкелет экинчи колум тийбейт деп бирок кайра эле оорусу кармайт .Окат кылат, тамак ашыбыз кенен , иштерман .Үй бүлөмдү бузбай жашайын деп чыдадым көбүн айтпай жашырдым бирок жума сайын сокконун койбоду көпкө созулса эки жума ,дайыма денем көгала .Бүгүн да ата-энем тосуп алышты эми жибербейбиз деп жатышат,менин болсо башым маң ,кеңеш бериңиздер эмне кылам ?


Отправить комментарий