Саламатсызбы эже чыгарып бересизби.
Кече кайын журттан качып келдим үйдө эч ким жогунда. Кайын энемдин отчётторун кылып берем. Ошол моментте кайын энем жакшы болуп калат. Кийин эле бүткөн соң мамилеси башка. Кайын атамдын көзүнчө да жакшы мамиле кылат уулу барында да. Бирок алар кетээри менен мамилеси өзгөрөт. Уулум бар 4 айлык. Мени мн урушуп капа болсо баламды да карабай отуруп алат ыйлап жатса дагы. Мага кылгандарынын баарына чыдадым, бирок баламы карабай ошонун баласына тийишпе деп кайын иниме айтса аябай капа болот экенсиң. Анан эч кимге айтпай качып келдим. Күйөөм болсо апам урсада биринчи менден уруксат сурабайт белең ыэ тоготпой айтпай кетип калдың деди. Кеткенимди билгенден соң кайын энем жашабасаң жашаба ошол жакта жашай бер деп жообумду берип коюптур. Төркүндө отурам эми. Мага кылбаган мамилеси калбады. Ыйласам эле мен жаман сөз айтпасам деп эле кирет анан...
.jpg)

Отправить комментарий