Саламатсызбы. Меникин чыгарып беринизчи.
Озумдун ичимде болуп жаткан эч кимге айта албаган сырларымды сиздер менен болушоюн дедим. Озум Кочкордон болом Бишкекте журуп Оштук жигит менен таанышып суйлошуп калдык. Башында баарысы идеалдуу болуп баш кошууну чечтик. Бирок ал тараптан да мен тараптан да ата энелерибиз каршы чыгышты. Аркалыктар адам болбойт деп кайнежемдин жазганын окуп калдым апам дагы сен ал жактын жашоосуна конбойсун салтына конбойсун десе тим эле ошого тийбесем калып кетчудой болуп уйлондук. Той болду тойдун эртеси да болду. Эки тарап азыркыга чейин келише алышпайт. Ачуу басарын кылышып мына 7 жылдын жузу болуптур ата энемдин алдына эч кимиси барыша элек. Озубуз болсо жолдошум уйдун улуусу Бишкекте турабыз.
Эми анысы маанилуу деле эмес. Кептин ток этээр жери КУЙООМ. 7 жылдан бери башында баары жакшы болду бирок кийин кийин эч эле тил табыша албай калдык. Алар жакта аял суйлобош керек экен мындайча айтканда кул болуш керек экен эч кимисин атынан атабаш керек экенКуйоонду коргондо коркконунан сийип ийишин керек дейт. Тобо кылдым анда мен куйоого тийбей эле кулчулукка алыпсынар да дедим. Бирок беш кол тен эмес балким менин жолдошум ошондойдур. Ото эле майдачыл. Толькл мен мен дей берет.
Мен антпей калдым мен минтпей калдым кечээ мени карап жаткан жоксун бугун нары карап жаттын иииий айтып отурсам башынар катыйт. Иштен чыкканда чал уйго кирип баратып чал автобус келсе чал автобуска тушкондо деп эле мээмди жей берет. Унутуп калсам чалбай жаман создор менен сого берип эзип салат мен жаман тажап кеттим чынын айтсам. Акыркы кундору оюмда только ажырашуу. Биз жакта аялды мынча кордошпойт. Атам байкелерим айылдагылар эч эле мындайды коргон эмесмин. Аноним


Отправить комментарий