Ажырашкам, куйоом башканы алды, бирок куйоомду кайра сагынып жатып берсемби...
Саламаттсызбы чыгарып беринизчи...
Биз күйөөм менен бири-бирибизди сүйүп көп убакыт сүйлөшүп турмуш курганбыз... Жашыбыз тең болгону үчүнбү турмуш кургандан соң келише албай көп урушуп 1 балалуу болгондо 2 жолго түштүк... Үйлөндү аялнын боюнда бар бирок эң узагы 4 айга чейин эле байланышпай коёт алабыз ... Кайдан болсо номерин таап алат... Ушунчалык каттуу сүйөм унутууга сабырым жетпей жатат... Ал болсо сага өчөшүп үйлөндүм дей берет... Билем аялында күнөө жок! Аялын сыйлайм турмушун бузгум келбейт жаны жашоо баштап өзүмчө жашагым келет бирок сагынычтан каттуу кыйналам... Ушунчалык түнт болуп калдым... Эч ким менен сүйлөшкүм келбейт...
Ичимден эзилип кеттим😪😪 ыйлай берип эзилип кеттим... Күйөөм дагы бир тарапка ооп кетпей кыйналып атат... Чыдап жашаш керек эле бирок күйөөм ачууга алдырып 3 талак берген соң мен жарашуудан баш тартканмын үйлөнүп ал деп көп айттып таарынып жүрдүм. Үйлөнгөндөн сон 20 күн өтпөй кетирем деп да чалып атты... Сыгылып кеттим номер өзгөртсөм таап алат андып. Таап алат не кылаарым билбейм... Жарашада албайм бузукудай болуп экинчисинин бактысыз болуусуна себепчи болгум келбейт... Сүйүү ушунчалык азапда каттуу да экен ушунчалык кыйналып жатам😔😔😔😔 Бирөө менен сырдашып женилдегим келди мен бирөө менен сырдашууданда корком... Ошого ушул жерге жаздым😪


Жаз сырдашабыз
ОтветитьУдалить