Мен бул жакта көп нерсени окудум баштан откон арман жана кумарлуу убакыттарда өткөндөрдү жазышат экендер
Бирок ар кимиси ар кандай ой пикир берет экен мен да башымдан өткөргөн азаптуу тумчулган жашоом жөнүндө айтсам эч кимди эч кимиси тааныбайт экен анда сөз башынан болсун.
Мен 83жылы туулганмын менден кийин 2иним 2карындашым бар илгери апам менен атам таанышып калып сүйүшүп куйушуп ошонун артынан мен никесиз туулган экенмин ошонун артынан апамбаш баш кошкон экен мени торолгонумдон баштап эле чоң энем багып алган экен апам мен карабаймын фигурам бузулат мага бала керек эмес деп чоң энеме берген экен төрөлгөндөн 12жашыма чейин чоң энемдин колунда чоңойдум чоң энем өзү бизге өгөй болот бирок мага башкаларга эч бир огойлугун билгизбей жашап жүрдү кийин атам каза болгондон кийин апам бизге каралашсын деп чоң энемден талашып соттошуп жүрүп алыптыр атамдын үйүнө келгенден баштап жашоом татаал жака өзгөрдү сен жетимсин сен никесиз торолгонсун деп өз апам азаптай баштады кичинемден көчөгө жумушка чыгарат макул деп чыгам кечинде келгенде алып кел акчаны деп алып алат курсагын ачбы токбу иши деле
жок кыштын күнү деле жумушка чыгарат акча иштеп келесиң кечинде алып коёт чоң энемдерге айтсам соттон аларга четтетип койгон токтом чыгарыптыр мага эч нерсе кылалбайт экен ошол үчүн апам мага кенен сүйлөп кулдан дагы ашыкча кылып иштетип жүрүптүр окуу билим деген нерсе эстен чыккан окууга барам десем окуп эмнени кыйратмак элең болгону никесиз бир таштандысын да деп мен өз каалоом менен төрөлүп алгандай сүйлөшөт а берки ини карындаштарыма жөн эле бапестеп карайт алар деле ишке жарап калган эсеби боюнча окууну бутум алар деле чоң эле болуп калышты окууну бүткөндөн баштап чоң кишилерге кошулуп стройкада иштеп ар кандай иштерде жүрдүм иштин акырында үйгө келсең акчаңды алып коёт кийим дегенди унуткамын ар кимден калган кийимдерди кийемин окууну бүткөнгө өзүмчө кийим алсам сага мындай кийингенди ким койду деп сатып алган кийимиңди башкага берип жиберет айылдагы имам деле айтса болмок балаңа камкор бол деп бирок ал деле бир күн карама буроода акча берсең кот жалаганга да барат ал убакта акчанын
күчү бар эле 15 20минден алып келесиң эч бир нерсе озгорбоду достору келет текин тамак же аларда үй бүлө болсо кана менден кийинки иним уйлондум аялымда сендей кул менен жашап не кыламын деп алда ата энесине айтып кетип калды унчукпай эле калдым кайра эле ошол жашоо мектепте окуп жүргөн убакта жумуштан кеч келип калсак таяк менен сабачу качан караба денеден көк кетпейт кечке түнгө чейин иштетет айылдагылар да апамдын акмак экенин билип мага жамандык каалап каалаган убакта жонотушчу мен кийин иним үйлөндү эми анын кайын журту бай адамдар окшойт келин да мага үстөмдүк кыла баштады айтканын кылбасаң кирип жамандайт ичимден тилденип коёмун мага көргөзгөн кордугунду балаңдан көргүн деп акыркы күндөрү эч эле чыдабай калдым өгөй апаң болсо да анчалык көрдүк көрбөсөң керек деп ойлонуп каламын айылдын баары апамдын акмак экенин билип бүтүшкөн мага жамандык каалагандар калп эле апама келип бүгүн ушунча сом акчага иштеди деп жок акчаны айтып коюшат үйгө келсең уруш башталат сен менден акча жашырдынбы тиги бул деп түшүнбөй эле кайсы акчаны айтып жатасыз десең далбаеп алган
акчаны бер мага мага керек деп күндүзү иштеп кечинде келсең же тамак жок иним катын кулу болуп бүткөн баары эле мени жаман көрүшөт болбосо тамак аш кийген кийимдерин мен иштеп келген акчага алышат же бир жакшы кийим кийбейсин ооруган күндөрүм айтпай эле коёюн берген тамагы шылдыраган гуруч кордо башка эч нерсе жок келген келин нан жапканды билбейт экен апам экөө отурат текин тамак жешип акыркы күндөрү өзүм дагы план түзө баштадым иштеп Россияга барамын мындан да көп акча табам десем апам акча үчүн жанын берген акмактын бири экенине ишенем паспортту алганда көргөмүн ошол боюнча көргөнүм жок паспорт столго барып жанылаттым жоготтум деп айтсам башка туурлап берди аны алып жашырып койдум эч кимге айтканым мен менен улуу эле бир киши иштейт эле ошол гана түшүнөт эле бирок ал да кээде ичип үйгө келип калганда сайрап коёт эле апамдын бир ботолкосуно азгырылып ошол киши айтып калды Россияга баралы билем сени эч кимге айтпай эле кетесиң дегенинен макул деп ошол учурда келиндин агасы каза болуп калды келин келип догрунат 50мин мага тез таап бер агам өлдү мен ошого жумшайсың деп андан кийин апам чыкты беш миң сом бер барып өлгөн күнү кудагыйга сөйкө салам кичине көңүлү көтөрүлүп калат деп ошондон уруш башталды ала турган кийимдерда жок алдын даярданган кийимдерди алып үйдөн баш алып чыгып кеттим чыгып баратсам апам тилимди кычыштырып берген сутумо раазы эмесмин деп калды токтотдедим да кайсы сүт жөнүндө сүйлөп жатасың бала керек эмес деп айтканда энем суранып жатып алып калган эми сутумо раазы эмесмин дейсиң сенин раазылыгынды берип бүттүм раазы болосуңбу жокбу эми мага кызыгы жок 12 жашымдан
кулчулукта иштедим эми бүттү өзүм жолумду озум тандайсын өлсөм бир жолдо ит да жеп кетеер олугумду деп чыгып кеттим вокзалга келип Бишкеке бардым андан кийин ал жерде эки айга жакын иштеп поэздьге билет алдым ал убакта поэздь каттайт эле Россияга Казакстанда кыйнайт урат деген эле бирок корктум чындыгында болду бирок апамдын берген азабын алдында алар эч нерсе эмес экен өтүп бардык Россияда документ туурлап патентке акча төлөп жумушка документтерди даярдап эмгектенип иштеп калдым ал жакта вагондо жатып иштедим квартирага чыкпай үйдөгү жашаган жеримден жакшы экен жылуу жумшак кенен басып жумушумду убагында аткарам айылда жүрө берип орусча да билбеймин же телевизор көрсөм кана кээде жатып ойлонуп өткөн күндөрдү эстеп көзүмө жаш агып кетет өз апа да баласын болуп сагып кордук коргозобу деп милицияга берсең алар да акчага сатылган иттер аларды да сатып алат эле өзүмдүн акчама молдо сатылган милиция кантип сатылбай койсун ошентип Россияда эки жылдан ашык иштедим акчамды үнөмдөп вагондо жашап көчөгө да чыкпай силерге калп мага чын кудайым берекесин берип бир жарым миллион акча чогулттум алдап кеткен жок болчу ал убакта Кыргызстанга келдим жолдо акчаны ороп нетип жүрүп алып өттүм постон төрт жүз беш жүз теңге берип жүрүп бишкеке келип кара балтадан жакшы жерден үй чыгып калды 650мин сомго рубльдун
курсу да жакшы болчу акчаны алмаштырып жакшы жашоом башталды өзүмдү өзүм колдоп чыдамкай бол баары жакшы болот деп өзүмдү өзүм колдоп үй алган күнүм аябай сүйүнүп кубанычында чек жок саткан адам үйдү мага өткөзүп берип кетти бешенеме кошуналар да жакшы чыкты бири биринен жардам аябаган орус дунган кыргыз аралаш экен мен жашаган көчөдө биринчи кыргыздарды чакырып Куран окуттум алар менен таанышып кийин орус дунгандарды чакырдым чай берип таанышканча калган акчама керектүү буюмдарды алдым Россияга барбай Бишкекте эле иштеймин деп үйдүн анча мынча жерлерине каражат жумшалды өз үйүн өлөр төшөгүн бар деп кенен кирип чыгасың 12жашымдан 28жашыма чейин татыктуу үйдо жашабаптырмын арадан бир ай убакыт өттү баары жакшы бирок эч унуталбай койдум азап тарткан күндөрүмдү суукта временкада жаткан күндөрдү эстеймин апамдар кайда укту билбеймин жанымдагы киши барганда сайраган экен кийин телефон номеримди да берген экен ал убакта нокио телефонум бар эле кирпич ошого чалып калды жакшы сүйлөш жок кайра маанайды бузуп ииий үй алдын ошентип сага үй не кереги бар иниңди ошол жака боломун сен келип бул жакта жашайсың дегенде чынын айтсам колуну жүрөгүмө матырып алгандай эле болдуго болбосо мен өлсөм олугумо да киргизбейт дегенде сен олосунбу жокпу мага кызыгы жок айылдагылар бекеринен сени акмак лөлү деген эмес экен десем чычалап кетти ошол болду акыркы суйлошконубуз кийин инсульт болду карыялар үйүндө экен деп уктум эркелеткен уул кыздары ошол жерге
алып келип коюптур берки үйдү төртөө уруш талаш менен бөлүшүп бири бири менен да катташпай калыптыр бир иним авария болуп өлүптүр бир карындашым ажырашып кийин карындашын бир киши менен Казакстанга наркотик алып баратып кармалган экен ошентип камалып кетиптир аны шаарда айылдан бирөөнү көрүп калганда ошол айтып берди сен кеткенден кийин ал үйдө берекенин баары кетти апаң оңолуп калса сен эле алып барып карасаң деп калды колу буту соо кезинде мага азап берген инсанды колу буту шал болгондо мен карамак белем өлсөм олугумо да кирбегин деген и ак сутуну да менден ыраа көргөн адамды мен кантип карамак элем бапестеп баккан уул кыздарына кереги тийбеген акмак адам мага кереги жок ошол жакта жашай турган жерин тааптыр деп койдум өзүмдүн жашоомду түздөп оңдоп уландысы бар.
Бирок сураныч ар кандай негативдүү сөздөрдү калтырбаныздар калган окуялары да кызыктуу деп ойлоймун жазганымдын себеби ата эне болгон инсандарга келечектегилерге кичине сабак болоор деген ойдо жазып жатамын админ сураныч чыгарып коёсузбу жазганымды


капа болбо чмо болгон экенсин
ОтветитьУдалить