алакачуу

Канчалык келинимдин козун караган сайын ал мурдун которуп...

 


Салам баарынарга! Коптон бери жазгым келип, акыркы окуялар жазганга түрткү болду. 

Келин алганыма 4.5 жыл болду. Эн жакшы кайнене болом деп сөз берчү элем ичимден, азыр эң жаман кайнене болуп олтурам. Келин алсам каалаганча уктатам деп ойлончу элем,( өзүм аябай зар болгом) сөзүмө турдум, бир да жолу эшигин тыкылдатып тур дебедим. Кечки саат 5 ке чейин уктаган убагы көп болду, төрөгөнчө. Төркүнгө каалаган убагында, кааланча журуп келет ,эч качан кел- бар деп ун катпадым. ( Өзүм ошону каалайт элем жаш кезимде) Башына жоолук салдырбадым, өзүм ошону самачу элем. Сөздүн кыскасы көңүлүн аябай эле карадым, балам ичпейт,чекпейт, иштейт. Өзүм 3 жылдан бери иштебейм,оор көтөрүп соода кылып жүрүп, бутум артроз жакшы баса албайм. Канчалык келиндин козун караган сайын,ал мурдун көтөрүп, мени менен айтышчу, адат таап алды. Кой жаш да, токтолоор деген сайын күчөп кетти. 

Баламдын көзүнчө башка адам, ал жокто башкача тобоо, аябай айтышып кетти мени менен, окуя мага скорая чакыруу менен аяктады. Өзүмө келип алып, апасын чакырсам келбеди,жургун мени менен барып келели десем барбайм дейт. Анда өзүм барам деп айылга барсам,менден мурун барып олтуруп калыптыр үйүндө. Кудагыйга буга чейин даттанып кайрылып көрбөгөм,онолуп кетет да жаш деп ойлонуп журчу элем. Көрсө ал жака башкача информациялар барып турчу экен да. Баарын айтып берип,мага мындай бүлөөнүн кереги бар беле?- деп суроо белгисин коюп баса бердим.

 Айланайындар,мен дагы мындан жакшы кандай кайнене болушум керек???? Айлам кетип, чыдамым бүттү окшойт, айткан сөздөрүн эстеген сайын давлениям которулуп уктабай жатам. Эки неберем бар,ойлоно берип өзүмдү өзүм жеп бүтмөй болдум,дары менен уктап. Өзүм күйөөдөн 31 жашымда калгам,2 бала деп журуп эрге тийбедим. Экинчи Келин алсам ага кандай мамиле кылам эми деп башым катат. Өтө жумшак мамиле болбойт окшойт. Вроде жакшы эле уй- бүлөөнүн улуу кызы. Кенешинерди кутом,коменттен жооп да берем,суроонор болсо. Алдын ала баарынарга рахмат!!

Отправить комментарий

Отправить комментарий

Скачать?