Куйоом тапкан акчасын агасына берет, эмнеге озун кармабайсын десем болбойт...
Айымдар сиздерден кеңеш күтөмүн.
Менин жашоомдо эле ушундайбы же сиздерде дагы болуп турабы?Мен турмуш курганыма 3жыл болду ,бир кызым бар.Жолдошум эки бир тууган .Өзүнөн уулу бир агасы бар .Семиялуу балалуу болуша элек 5жылдан бери.Менин жолдошум иштеген акчасын кайн агам алып турат күнүнкүсүн.Доставкада иштейт.Мен анан айтамын тапкан акчаңды өзүң эле кармасаң болбойбу ?Бизге акча керек болуп калса акеңен алабызбы? Зарыл болуп калса канттебиз деп жакшы ойумду эле айттып түшүндүрөмүн.Жолдошум бир эле акем бар сыйлашым керек дей берет .Мен анан сен өзүндүн тапкан акчаңды өзүң кармасаң эмнеге болбойт биздин дагы үй бүлөбүз бар .Кызыбыз бар бизге акча керек болуп калат деп айтсам эле мени бүт баары жаман көрүшөт.Кайн энем кайн атам и авысыным .Кайн энем аябай жаман сөздөр менен урушат мени.Сен бир тууганынан ажырата албайсың деп.Менин ажыратайын же андай ойума да келбейт.Мен унчукбашым керек да алардын айтканына карап отурушум керек акчаңы агаңа бер депчи. Аноним


Отправить комментарий