2- Турмуш курган кыздар, куйонор сурай береби мурунку куйооно кантип тозуп бергенинерди....
Саламатсызбы меникин дагы чыгарып беринизчи.
Группадагы айымдардан кенеш сурайын дедим эле. Экинчи турмушум балдарыбыз бар. Анан күйөөм кандай жаттын эле, раком болгонбу деп сурап жатат. Андан бери каанча жыл өттү эсте да жок не помню десем значит сен а..н алжыйып жалапсын дейт. Мени алдадың эми мен кыз алам раком турбаган деп карганып отурат. Жүрөккө бычак сайдың деп. Баашынан сурайт мен айткам, эч кандай чувство болгон эмес. Бир күнү телефондон таанышып эртеси эле алып кеткен, өмүрү сүйүү-күйүү дегенди билбеген жаным күйөө деген, турмуш курат деген ушул экен деп турмушка чыгып кеткем, жаштык кылыпмын. Такыр мамилебиз болбой ал да, мен да сүйгөн жокпуз бири-бирибизди.1,1,5жарым жылдай жашап ажыраштык.
Төшөк маселеси аябай ойлондурат окшойт ошону эле канча жылдан бери сурайт. Чынын айтсам эч нерсе эсимде жок, ал турмуш мени менен болбогондой. Анан да көчөдөн өткөн балдар болсо карадың сен жалапсын ошондон эле болсо билет дей берет. Мен алдандым, алдап эптеп эрге тийип алайын дегенсин деп. Мен ага айтам, жакшы жар болууга аракет кылам, айтканын эки кылбай, балдарын төрөп берип, үйдөн чыкпай. Болду бул теманы ачпа деп да айтам, анан эле сен скрытыйсын, бир нерсени бар билгем, жалапсын деп баштайт.
И маакул сеники чын деп койсом да болбойт. Бир нерсе болсо эле ажырашып деп баштайт, жаман катын кетем деп коркутат дечү эле мен коркутпай эле экөөбүздүкү алмашып калдыго дейм, ал сөздү да түшүнбөйт. Жолдошумду сүйөм, бирөөнү алышын каалабайм, кандай кылсам болот жакшы кенешиниздерди бериниздерчи. Анан суроом бар эле, экинчи турмуш курган айымдар жолдошуңар эмнеге ажыраштың ,күнөө кимден кетти, кандай жатчу элеңер деп сурай береби? Аябай нерв болуп жазып жатам.


Отправить комментарий