алакачуу
21- Жаштамын, куйоого чыгайын десем, уйлонуу той соода борбору болуп кетиптир...
0
Комментарии
Мен 21 жаштамын. Сүйлөшкөн ыймандуу , акыл топтогон деген бир бала бар эле.
Үйлөнөлү дегендей сунуш кылды бирок, эмнегедир көп ойлонуп туруп алдым. Макул - дейин десем азыр кыш, кудаларды тосуп, кыз узатуу кылуу оор болуп калат - деп ойлондум ата энем үчүн. Анын үстүнө бул алар үчүн күтпөгөн жаңылык болмок. Менин дагы алдыга койгон максаттарым бар эле.
Эки курбу кызымды узатып барып келгем. Тойдон кийинки көргөн уккандарыма ишене алган жокмун. Той соода борбору болуп кетиптир. Кудалар бирин бири сынап эле. Бала тарап ушунча эле төшөк алып келдиби - деген сыяктуу сөздөр.
Мен түшүнбөйм бир эки төшөк жана буюмдардан азып тозуп кетчүдөй болуп 🤦🏻♂️
Эмнеге эл эмне дейт же кудалар эмне дейт - деген түшүнүктөр менен жашайбыз.


Отправить комментарий