Саламатсыздарбы? Меникин да чыгарып берип коюнузчу.
Мен 28 жаштамын. Огой энем 18 жашымда турмушка берип салган. 1 курста окуп жатканда тийгем. Башында огой энем күйөөң окутат деп атып, жакшы жер деп атып атамдын башын айландырып мени күйөөгө берүүгө макулдаткан. Тилеке каршы күйөөм окуткан жок, окуудан чыгарып алды. Төрөгөндөн кийин окуйсуң десе мен шордуу ишенип алыпмын. Андан бери 10 жыл өттү. 3 кыз төрөдүм. Азыр да боюмда бар 7 айлык. УЗИ ден кыз деди. Күйөөм үйдүн жалгыз уулу болгонго кайын журтумдун баары эркек бала күтүшүп бетиме эле айта башташты эркек төрө, инибизди тукумсуз калтырган жатасыңбы деп кайнежелерим жума сайын келип асылып кетишет. Көп нерселерине чыдадым. Күйөөм жакшы жерде иштейт. Акчаны жакшы табат. Бизди эч нерседен кем кылбай багат. Кыздарымды частный мектептерде окутат. Бирок мага кылган мамилеси начар. Кагып силкип, жетимсин деп кееде кемсинтип турат. Төртүнчусун эркек болот деп аябай күткөн. Кыз экен десем мага мамилеси солгундап, характерин көргөзот.


Отправить комментарий