Кызымды 10жаш улууга бердик эле, анан аны куйоосу уйго келбейт, кызым озгоруп....
Саламатсыздарбы айымдар сиздерден кенеш алайын деп жазып жатам.
Кызым бар 20 жашта 6 ай мурда турмушка узаттым эле,уйдон эле тою жок эле никесин уйдон кыйып чакырабыз деп кеткен эле ,чакырган деле жок.Куйоосу кызымдан 10 жаш уулу экен мурда уйлонуп ажырашкан экен.6 Айдан бери эми куйоо бала келбейт суйлошпойбуз.Кызым чалып турат.Кызым суйом ушуга тием деп болбой койгонунан айла жок макул болдук эле.Баланын атасы бар,энеси жок экен,Бир туугандары менен деле ынтымагы жок экен.Атасы менен деле жакшы эмес экен.Уйу бар экен ошол уйдо экоо жашайт.Куйоосу акчага саран ,катуу ,кызганчаак экен.Эми биз кызымды берип койдук же тою жок же калыны жок .Куто берип туугандарынан уялып буттук. Кызым да озгоруп ,бизден алыстай баштады.Чакырсак келбейт .Ушунча багып,остуруп ,окутуп алып ,бироого берип койсон жаман экен.Кызынарды алдык эле деп бироо келип койбосо,же катышып турбаса.Эми биз эмне кылаарды билбей жатабыз, кызыбыздан ушинтип эле айрылып калабызбы,же барып ажыраштырып алсакпы деп ойлойм.


Отправить комментарий